
11-август күнү Бишкекте “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери биринчи май районундагы таштанды чыгаруу ишин жеке менчик компанияга өткөрүп берүүгө каршы болуп, нааразычылык акциясына чыгышты.
Чогулгандар шаардагы эң чоң райондун жеке компанияга берилиши туура эместигин, анын кесепетинен кызматкерлер жумушсуз калышы мүмкүндүгүн айтышууда.
“Биздин эң башкы талабыбыз жеке менчик компанияга өтүп кеткен районду кайра “Тазалык” ишканасына өткөрүп, өзүбүздүн эле атайын техникаларыбызды оңдоп берүү болуп жатат. Биз буга чейин техникабыз бузук учурунда деле күнү-түнү иштеп жатып мурунку график менен иштеп калганбыз. Андан кийин эле “Эко-Проф” ишканасына өткөрүп беришти. Азыр вице-мэр аталган компания менен биздин кызматкерлер силер менен иштейт деген келишим болгон деп жатпайбы. Биз ал жакка чыкпай койдук. Анткени биз “Тазалык” менен гана иштейбиз. Жеке компаниялардын бизге кереги жок”— дейт «Тазалык» ишканасынын кызматкери Бек Барпиев.
Митингчилер менен Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков жолугушуп, таштанды чыгарууну жеке компанияга “Тазалык” ишканасындагы техникалардын бузулушунан улам берилгендигин айтты.
“Учурда “Тазалык” ишканасына техникаларды оңдоо тапшырмасы берилген. Эми аны калыбына келтирүүгө каражат издеп жатабыз. Муну ишке ашырсак эле муниципалдык ишкана таштандыларды чыгарууну улантат”, — деди Олег Попиков.
Ал ошондой эле, таштандыны жүктөгөн кызматкерлердин айлыгы 2000 сомго көтөрүлгөнүн, жакын арада дагы көбөйөрүн кошумчалады. Бирок “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери вице-мэр эмес, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун келишин талап кылышты.
Акцияга Биринчи май районунун да жашоочулары келишкен. Алар эки жумадан бери аталган райондогу чогулган таштандыларды эч ким тазалабай жаткандыгын айтып нааразы болду.
Эске салсак, буга чейин “Тазалык” ишканасынын таштанды чыгарууда начар иштегени тууралуу жарандардын көптөгөн арыздарынан улам ишкананын директору жана анын орун басары кызматтан алынган. Шаарда пайда болгон таштандыларды тазалоо максатында муниципалитет тарабынан жеке ишканага тиешелүү 16 атайын унаа тартылган.
Учурда “Тазалык” муниципалдык ишканасында болгону 6 гана унаа иштеп жатат. Бузулган айрым техникалардын токтоп тургандыгына 9 айдан да ашык убакыт өткөн.
Автор: Максат Боромбаев
Оставьте первый комментарий