Абайлаңыз, алдамчылар! Улуттук банк онлайн шылуундардан сак болууга чакырды

Улуттук банк 10 000 сом таратып жатканы тууралуу маалыматты мекеме төгүндөп, шылуундарга ишенбөөгө чакырды.

Анда Президент жана Улуттук банк 10 000 сом грант берип жатканы жазылган. Каражатты алуу үчүн онлайн резюме толтурууну өтүнүшөт. Улуттук банк муну шылуундар жарандардын өздүк маалыматына ээ болуу үчүн жасап жатканын билдирди.

«Эч убакта жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербеңиз» — деп айтылат маалымдамада.
Ошондой эле, текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирүүдөн, ал жакка жеке маалыматтарды жана картанын реквизиттерин жазуудан сактануу керек.
Буга чейин биринчи айым Айгүл Жапарова акча таратып жатканы тууралуу маалымат да жалган экени айтылган.
Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*