Мунапыс берилбейт. Педофилдерге жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «Кылмыш-жаза кодексине», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам парламент тарабынан 30-июнда кабыл алынган.

Документ балдардын жыныстык кол тийбестигин коргоого болгон укуктарын, өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылууга багытталган. Өспүрүмдөрдүн мындай укуктарын бузгандар үчүн айыптын өлчөмү жана жазанын мөөнөтү көбөйтүлөт.

Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаган адамдар мөөнөтү эскиргенине же психикалык ооруга чалдыккандыгына, психикасынын убактылуу бузулушуна байланыштуу да кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт. Аларга мунапыс да берилбейт.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1487 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*