Айпери Медет кызы Ислам шериктештиги оюндарында алтын байге алды

WW 76kg - Aiperi MEDET KYZY (KGZ)

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы  Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында алтын байгенин ээси болду. 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлагандай, Медет кызы 76 килограмм салмактагылар арасында кармашты. Финалда ал Кот-д Ивуардын келген атаандашы Айюин Эмини 10:0 эсебинде утту.

Ислам шериктештиги оюндары 9-августта расмий ачылды. Учурда бул оюндарда Кыргызстандын эсебинде үч алтын, төрт күмүш жана эки коло байге бар.

Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңге жакын катышуучу спорттун 20 түрүнөн таймашып жатат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу спорттун 16 түрүнөн таймашат. Мелдештер 18-августка чейин уланат.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*