УКМКнын тергөө абагында каза болгон Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия ишин аяктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Анда комиссиянын мүчөлөрүнө УКМКнын тергөө абагынын имаратына кирүүгө, кармалгандардын өздүк иштери жана көзөмөл камераларынын видеолору менен таанышууга, бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери жана изолятордо жаткан адамдар менен байланышууга толук мүмкүнчүлүк түзүлгөнү айтылат. Иштин жүрүшүндө 12 жыйын болуп, анын бешөө УКМКнын тергөө абагында, жети жолу өкмөттө өткөн.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматы угулуп, Асанбаев менен Казакпаевдин камактагы учурунда байкоо камераларынын тасмалары бир нече жолу көрүлгөн. Ошондой эле камералаштары, тез жардам (чакырык боюнча келген) жана тергөө абагынын кызматкерлери, бул кылмыш иштерин иликтеп жаткан тергөөчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
«Иштин жыйынтыгы боюнча комиссия Асанбаев менен Казакпаевдин күтүүсүз өлүмүнө трагедиялуу жагдайлардын жыйындысы алып келген деген алдын-ала корутундуга келди», -деп айтылат маалыматта.
Өкмөттүн маалыматында комиссия өз корутундусунда мындай окуялар кайталанбашы үчүн зарыл болгон чараларды сунуштаганы да келтирилген. Комиссиянын төрагасы, Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов өкмөт президенттин тапшырмасы менен убактылуу кармоочу жайды, СИЗОну жана бардык пенитенциардык системаны толугу менен кайра түзүүнү пландаштырып жатканын билдирген.
«Жакынкы жылдарда бул маселе коомду гумандаштыруунун, тергөө абагынын жана жаза өтөө жайларынын шарттарын жакшыртуунун алкагында эң артыкчылыктуу багыттардын бири болот», — деген Байсалов.
Казакпаев жана Асанбаевдин өлүмү
«Айыл Банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев 18-июнда УКМкнын тергөө абагында асынып турган абалда табылган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелде камакка алынган эле. Бийлик өкүлдөрү Асанбаев өз жанын кыйганын кыйытып жатса, анын жакындары бул версияга ишенбей турганын айтышкан.
Ал эми саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнь күнү каза болгон. Ал 2021-жылдын 13-апрелинде УКМК тарабынан «мамлекетке чыккынчылык кылды» деген шек менен кармалган. Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Казакпаев гемморрагиялык инсульт болуп, мээсине кан уюп, ТИЗОдон реанимацияга жеткирилгени белгилүү болгон. Марат Казакпаев өлкөдөгү саясий окуяларга пикирин билдирген эксперт катары белгилүү болчу.
Президент Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн изилдөө үчүн комиссия түздү
Оставьте первый комментарий