Ошто мектеп директорлорун тандоо боюнча тестирлөөдөн 88 талапкер гана өттү

Сүрөт: ОшМУ

Ош облусунда мектеп директорлорун тандоо сынагынын алкагында 13-августта компьютердик тестирлөө болду. Ага жалпысынан 359 адам катышып, 88и тесттен ийгиликтүү өттү. Бул катышуучулардын 25 пайызын түзгөн. 

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, директор болууга 541 жаран документ тапшырган. Сынактын биринчи этабында 169 талапкер документин толук тапшырбай, экинчи этапка өтпөй калган. Тестирлөөгө кирүүгө 372 талапкер укук алып, 13 катышуучу келген эмес. Жыйынтыгында 359 жаран тест тапшырды.

Буга чейин министрлик облуста 244 мектептин директору кайрадан тандаларын маалымдаган. Талап боюнча конкурска жогорку педагогикалык билими, жети жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы жана атайын педагогикалык билими, адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар катышат.

Мындай сынак буга чейин Жалал-Абад жана Баткен облустарында өтүп, Жалал-Абадда директор болууга арыз берген 220 талапкердин 61и тиешелүү упай топтогон. Ал эми Баткенде 147 адамдын ичинен 60ы өткөн.

Эске салсак: президент Садыр Жапаров 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Максаты — билим берүү уюмдарында кадр саясатын ишке ашыруу, башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу. Жарлыкка ылайык, беш жылдан көп убакыттан бери иштеп келген директорлор кызматтан алынып, ордуна жаңы жетекчи сынак аркылуу дайындалат.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*