
Бүгүн, 13-августта мамлекет башчы Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техникаларды тапшырды.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, министрликтин түзүмдөрүнө Airbus H-125 тик учагы, автобустар, чынжырлуу жана дөңгөлөктүү экскаваторлор, алдыңкы жана айрылуу жүктөгүчтөр, жол тандабастар, 150 мобилдик үйлөр жана башка техникалар берилди.
Президент бул техникаларды алуу үчүн республикалык бюджеттен 384 миллион сом бөлүнгөнүн билдирген.
«Быйыл казынадан 752 миллион сомго дагы бир тик учак сатып алуу планыбызда бар. Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 1 миллион 23 миң 480 долларга 10 даана жол тандабас пикап автоунаалары, бир даана кичи автобус, 11 даана инженердик оор техникалар алынды», -деген өлкө башчы.
Атайын техникаларды тапшырып жатып президент адам өмүрүнөн өткөн байлык жок экенин белгилеп, эң негизгиси элдин коопсуздугун камсыз кылуу, аларды өзгөчө кырдаалдан сактоо милдетин аткаруу маанилүү экенин кошумчалаган.
Оставьте первый комментарий