«Билим айтыш» сынагында төкмө акын Кутман Садыбакасов биринчи орунду алды

Сүрөт: «Интерньюс» уюму.

13-августта Бишкекте төкмө акындардын медиа сабаттуулукка арналган «Билим айтыш» cынагынын финалдык бөлүгү болду. Калыстар тобунун чечими менен Кутман Садыбакасов биринчи орунду алып, 85 миң сом менен сыйланды. Экинчи орунду Жылдызбек Төрөканов ээлеп, ага 65 миң сом берилди. Ал эми  үчүнчү орунду алган Баян Акматовго 45 миң сом ыйгарылды. Ошондой эле айтышка катышкан калган төкмө акындарга 15 миң сомдон берилди.

Иш-чара «Ынтымак-2» сейил багында болду. Долбоорду «Интерньюс» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурду. Сынакка жалпысынан 21 акын катышты.

«Билим айтыш» долбоору ушул жылдын январь айында башталган. Анда төкмө акындар медиасабаттуулук жана алардын чыгармачылыгын социалдык тармактарда жайылтууну үйрөнүштү. Акындардын алты ай ичиндеги мыкты иштери Инстаграмда кеңири аудиторияга добуш берүүгө коюлган.

Автор Т-медиа 12140 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*