
Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Жетим-Тоо темир кенин казууга байланыштуу айтылып жаткан кептер боюнча кайрылуу жасады.
«Эсиңиздерде болсо, президенттик шайлоодо «Эгер Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштете турган болсок, сырткы карызыбызды Жетим-Тоо эле жаап коет» деп айткан сөзүм бар. Бирок азыр аны иштетели деген эч ким жок. Сырткы карызыбызды башка булактарыбыз менен эле жаап жатабыз жана жабабыз. Мындан ары күчүбүз жетет. Андан сырткары эмгек акы, пенсия, жөлөкпулдарды дагы көтөрө баштадык. «Кумтөр» мурда 5-6 миллиард салык төлөп келсе, «Аай-иий ай, Кумтөр бизди багып атат» деп сүйүнүп, этегине намаз окуп келгенбиз. Былтыртан бери, керек болсо, 50-60 миллиард салык жана башка төлөмдөрдү төлөп келе жатат. Ошонун эсебинен эмгек акыларды, пенсия, жөлөкпулдарды көтөрүп жатабыз. Эгер Жетим-Тоону иштетип калсак, 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Бир пайыз эмес, бир муштум ташын эч кимге үлүш катары бербейбиз».
Жапаров учурда жөн гана геология иштерин жүргүзүп, запасын тактоо үчүн «Кыргызгеология» кызматкерлери иш жүргүзүп жатканын белгилеген. Мындан сырткары президент «Жетим-Тоону» иштетип-иштетпөө боюнча азырынча чечим кабыл алына электигин, бул эл менен макулдашылып гана чечилээрин кошумчалаган. Кайрылуусунун аягында президент туура эмес маалыматтарды таратып жаткандарга укук коргоо органдарын чара көрүүгө чакырган.
Оставьте первый комментарий