Ар биринде алтын бар. Ислам шериктештиги оюндарынан спортчулар кайтып келе баштады

Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен бирге Кыргызстанга кайтып келди. Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилиги  салтанаттуу түрдө тосуп алып, куттуктады.

Ислам шериктештиги оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча беттеште бул үч спортчу тең бет келген атаңдаштарын ат чабым алыс калтырып, биринчиликти багындырышты.

V Ислам шериктештиги оюндары 9-августта расмий ачылды. Бул оюндарда Кыргызстандын эсебинде алты алтын, алты күмүш жана беш коло байге бар.

Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңге жакын катышуучу спорттун 20 түрүнөн таймашып жатат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу спорттун 16 түрүнөн таймашат. Мелдештер 18-августка чейин уланат.

Автор Кенжебү Мамадсадыкова 26 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*