Баткен: Зардалы айылы интернетке туташтырылды

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл өкмөтүндөгү мектеп интернетке туташтырылды. Бул тууралуу «Т-Медиага» ЮНИСЕФ уюмунун билим берүү боюнча координатору Марлен Алишев билдирди. 

Анын маалыматы боюнча, айылдагы мектептин алдына станция орнотулган. Андан интернет WiFi аркылуу таратылат. Ал эми станция өзү күн панелдеринен энергия алат. Демилгени Билим берүү министрлиги, ЮНИСЕФ жана «Кыргыз Интернет коому» биргеликте ишке ашырган.

«Мектеп менен бирге бүтүндөй Зардалы айылы интернет менен камсыз болду. Азыркы учурда мектепте 50гө жакын бала окуйт. Айылга интернеттин барышы татаал экен да. Жада калса электр энергиясы жок. Юнисефтин Giga деген глобалдуу демилгеси бар. Анын алкагында интернетсиз айылдардыгы мектептерди туташтырып жатабыз. Зардалы сыяктуу интернети жок отурган дагы тогуз мектеп эсебибизде бар. Эми ошолорго да жеткирели деген аракеттер бар». 

Зардалы айылы Баткен шаарынан 125 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бирок ушул 125 км кууш, таштак, жар бойлоп жүргөн кыйын-кезең жол деп жергиликтүүлөр айтып, сүрөттөрүн жарыялап жүрөт. Айылга автоунаа жолдун катаалдыгынан каттабайт. Бийик ашуу аркылуу жай мезгилинде гана каттоого болот.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*