Шаардын көркүн бузган жарнамалар
Жарнамалардын иреттүүлүгүн ким тескейт?
Жар салган жарнамалардын талапка ылайыгы жок.
Ошто чоң дүкөндөрдөн тартып, кичинекей чач тарачтарга чейин бизнесин жарнамалаган жарнактарын илишет. Айрымдары жөө жүргүнчүлөрдүн жолуна чейин коюп алышкан. Мындай көрүнүшкө жеригиликтүү тургундар нааразы болуп келишет. Мындан улам акыркы 2 айдан бери жеригиликтүү бийлик мыйзамсыз илинген жарнамалды тазалап жатат. Ишкерлерге эскертүү берилип, жарнаманы мыйзамга ылайык кылып илүү тапшырмасы берилди.
Жаш активист, мугалим Канжарбек Акматов Оштун көчөлөрүндөгү иретсиз жарнамалар боюнча дайыма маселе көтөрүп келет. Ал борбордук көчөлөрдөгү тротуарга коюлган жарнактар жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздыкты жаратаарын, ошондой эле шаардын көркүн бузарын айтат. Оштогу жарнамаларга толгон бир нече тротуарды видеотасмага тартып, "Тик Ток" социалдык баракчасына жүктөгөн.
Канжарбек Акматовдун айтымында иретсиз, ашыкча коюлган жарнамалар шаарга келген туристтерге, конокторго да жагымсыз элес калтырат.
Канжарбек Акматов
Жаш активист, мугалим
Ошто жол кенен болсо дагы 2-3 адам катарлаш баса албайсың. Анткени тротуардын жарымын авиа билет, дүкөн, чач тарач, сулуулук салондорунун жарнамалары ээлеп калган. Сырттан караганда чачылган үйгө окшоп көрүнөт. Кимге мындай көрүнүш жаксын. Жолдогу жарнамалардын баарын бийлик тазалаттырышы керек. Себеби шаарга келген коноктор Ош жөнүндө башкача ойдо калбашы керек!
Оштун ондогон тротуарларын жарнамалар каптаган. Ишкерлер муну багыттоочу белги катары гана коюлган дешет.

Төмөндө мыйзамсыз, талапка жооп бербеген жарнамалардын сүрөтү.
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы болсо жарнамалар тоскоолдук кылбай турган жерлерге илиниши керек дейт. Ал эми тротуарга коюлгандары мыйзамсыз. Ошондой эле жарнамаларды эшик, терезелерге да илүүгө тыюу салынган.
Шаардагы ар бир жарнама Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнама жана дизайн бөлүмүнүн уруксааты менен илиниши керек. Алгач жарнама берүү үчүн арыз жазылып, архитектура башкармалыгынан уруксаат алышы керек. Андай кийин "Мамлекеттик тил жөнүндө" комиссиясы жарнамадагы тексттин тууралыгын текшерип берет. Жарнаманын бир жылдык ижара келишими түзүлгөндөн кийин гана аны чыгарууга болот.
Учурда Ош шаарында 255 жарнама такта бар. Алардын ичинен 239у жеке менчик болсо, 16сы мэрияга таандык. Ошондой эле 20га жакын электрондук жарнама такталар бар. Аларды ижарага берүүдө баалары ар кандай. Мисалы, шаар ортосунда жайгашса кымбат, шаар четиндегилерге арзан төлөшөт.

Жарнама такталар көлөмүнө, формасына карап бөлүнүп, ишкерлер жылына шаардык бюджетке эң аз дегенде 4 миң сомдон баштап, 2 млн сомго чейин төлөшөт. Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнак жана дизайн бөлүмү жарнамалардан түшкөн 10 миллиондон ашык каражатты жыл сайын казынага төгөт.
Шаардын көркүн бузган жарнамалардан кантип арылуу керек?
Шаардын көркүн бузган жарнамаларды тазалоо үчүн жергиликтүү бийлик бир канча рейддерди жүргүзүп жатканын билдирди. Анда 100дөн ашык соода объектилериндеги жарнамалар текшерилип, мыйзамсыз жана талапка жооп бербегендери алынууда.
Ишкерлерге белгилүү бир убакыттын ичинде жарнак обьектилерин оңдоого тапшырмалар берилген. Эми көлөмдүү тамга менен мамлекеттик тилде, мекеменин чатырына түнү да жанып тургандай кылып жасоо сунушталууда. Эгерде айтылган талап орундалбаса аларга карата административдик чаралар колдонулуп, жарнактары алынат. Мындай рейддер Оштун баардык кичи райондорунда улантылмакчы.

Ал эми жарнак жөнүндөгү мыйзамды бул сайттан окуй аласыз.
Жарнак илүүдө эреже сакталбаса шаардын көркүн бузуп коёт. Юрист Бакытбек Сартманбетовдун айтымында, ишкерлер жарнамаларды илүүдө көп ката кетирет. Айрымдары эч кимдин уруксааты жок өз алдынча илип алышат. Мындай кадам биринчиден шаардын көркүн бузуп, ишкерди да ашыкча чыгымга учуратат.
Бакытбек Сартманбетов
юрист
Кесилиштерге жакын жерде, шаардын архитектуралык көрүнүшүн буза турган болуп жайгашып калган учурларда, жарнама такталарын орнотконго уруксат берилбейт. Ошто айрыкча негизги көчөлөрдө жайгашкан коммерциялык имараттарды иштеткендер, талапты эске албай жарнамалык материалдарды даярдап алышат. Бул көрүнүш туура эмес жана шаардын көркүн бузат. Ушундай учурда мэрия жарнаманы алып салууга талап коюуга укугу бар.
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнама жана дизайн бөлүмү эскилиги жеткен, туура эмес жерлерге илинген мыйзамсыз жарнамалды 2 айдан бери тазалап жатканын билдирди. Жарнак такталардан арылып, акырындап лед экран менен жарнамалоого өтө башташкан. Бул шаардын көркүнө көрк кошот дешет.
Руслан Наватов
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнама жана дизайн бөлүмүнүн башчысы
Ишкерлер жарнамалоо үчүн лед экрандарды коюп жатышат. Бирок бирөөнү жайгаштыруу үчүн эле миллиондон көп акча кетип калат келет экен. Ошондуктан бул багытка өтүү акырындык менен жүрүүдө. Бул да болсо маселени чечүүнүн бир жолу. Ал эми жарнама такталарын текшерип, көзөмөлдөп турууну токтотпойбуз.
Лед экранды жайгаштыруунун өзүнүн талап, тартиптери бар. Унаалар тынымсыз өтө турган жерге аны коюунун кереги жок. Эл көп топтолгон жайларга тагылууда.
Лед экранды коёрдо сөзсүз түрдө архитектурадан уруксаат алынат. Алар илүүгө боло турган жерлерди сунуштайт. Анткени коопсуздук маселеси каралган. Азыр соода түйүндөрүнүн жогорку тараптарына, жолдун кесилиш жерлерине тагылууда. Ал жанып тургандыктан унаа башкарып бара жаткан адамдын көзүнө чагылышпашы керек.
Руслан Наватов
Социалдык тармак аркылуу жарнамалоо жакшы таасир берет
Азыркы учурда жарнама такталарын пайдаланбай туруп жеке бизнести жарнамалоого болот. Ал социалдык тармак аркылуу жүргүзүлуп "Санарип жарнама" деп аталат. Анда соцтармак аркылуу түрдүү жарнамаларды берсе болот. Бул көчөгө илинген жарнактардан алда канча таасирдүү болот.
Султанай Чолпонбай кызы жолдошу менен кийим сатуучу дүкөн иштетишет. Алгач бизнесин жарнамалоо үчүн баннер чыгарып илуу планы болгонун айтат. Анализдеп жарнама такталарын ижарага алып иштетүүгө караганда, инстаграм социалдык тармагы аркылуу ролик жасап, таргетке беруу жыйынтыктуу жана аз каражат талап кылат деген ойго келишкен. Азыр кардарларынын 80%ы интернеттен көрүп келишет.
Интернет аркылуу жарнамалоо азыркы учурда 100 эсе пайдасы бар. Себеби 10 жаштагы баладан баштап, 80 жаштагы карыяларга чейин социалдык тармактарда отуруп калышты. Жада калса үйдөн чыкпай эле каалаган нерсесин интернет аркылуу буйрутма кылып алып жатышат. Биз инстаграм аркылуу гана жарнама кылабыз. Анткени азыр ар бир адам кандайдыр бир затты алыш үчүн соцтармактан карап көрүп, анан барып алып калышты.
Султанай Чолпонбай кызы
Жарнак берүүнүн 7 ыкмасы
Жарнамалоо ишин алып барган жүздөгөн компания бар. Ошондой эле окуу жайларда ушул адистикке даярдаган бөлүмдөр иштейт. Жарнак берүүнүн эң ыңгайлуу жана арзан 7 ыкмасы бар.
1
Кагаз чаптоо. Жарнаманы кичинекей кагазга чыгарып, атайын жарнамаларды илүү үчүн орнотулган тактайчага жабыштырып чыгуу. (Дарак, аялдама, имараттарга чаптоо сунушталбайт.)
2
Жарнамалык кагазды адамдарга таркатуу. Көп эл чогулган жерде жаранама үчүн жасалган кагаздарды таркатууга болот.
3
Жарнаманы жылнаамага же календарга кошуп басып чыгаруу. Бирок акыркы кезде бул ыкма көп таасирин бербей калган.
4
Социалдык тармак аркылуу жарнамалоо.
5
Гезит-журналдардан жарнамалоого да болот.
6
Ар кандай иш-чараларга демөөрчүү болуу аркылуу да, ишкерликти жарнамалоого болот.
7
Түрдүү багыттагы конференцияларга катышуу. Окутууларга баруу да жеке бренддин атын чыгарууга көмөктөшөт.
Кино аркылуу жарнамалоо АКШда кеңири тараган. Анда кинолордун дээрлик 90%ында жашыруун жарнамалар кетет. Жашыруун дегени кинодогу ресторан же кийим, суусундук колдонулуп, ачык түрдө жарнамаланбайт. Бирок ал дагы жарнама болуп эсептелинет. Мисалы, башкы каарман унаа мингенде, ал унаа экранда бардык жагынан маркасы менен көрсөтүлөт. Бул дагы жашыруун жарнама. АКШда ишкерлер киностудияга демөөрчүлүк кылуу менен өз продуксиясын жарнамалап алышат.
Жарнамалар жөнүндөгү кызыктуу фактылар
23-октябрь жарнак кызматкерлеринин күнү катары негизделип, жарнама менен алектенген ишкерлер үчүн расмий эмес кесиптик майрам. Бул күн дээрлик 25 жыл мурун белгилене баштаган. Негизги максат - жарнамаланган темага көңүл буруу, ага кызыгуу туудуруу, сатуу жана жайылтуу. Ал эми бүгүнкү күндө бардык өндүрүштүк уюмдар жарнама агенттеринин кызматынан пайдаланышат.
Социалдык тармактын ичинен ютуб аркылуу жарнамалоо кеңири жайылган. Анда жарнама 3 категорияга бөлүнөт.
Киришүү кулактандыруусу - 6 секундга чейин созулган кыска милдеттүү видео. Колдонуучу аны өткөрүп жибере албайт.
In-Stream жарнама - бул негизги видеого чейин, учурунда же андан кийин көрсөтүлө турган видео.
Video Discovery - бул видеонун сүрөттөмөсүн жана алкагын камтыган тексттик жарнама бөлүмү. Ал ютуб издөө тутумунун жана мобилдик колдонмо баракчасынын капталында көрсөтүлөт.

Ютубдагы жарнама каналдын катталуучулардын санына жараша төлөнөт.
Телеграм каналы 2021-жылдын январь айында эң көп жүктөлгөн тиркеме катары көрсөтүлгөн. Аны 100 миллиондогон активдүү колдонуучулары иштетет. Тиркеменин негиздөөчүсү Павел Дуров компания өзүнүн жарнамалык платформасында иштеп жаткандыгын жарыялаган. Башка социалдык тармактардагы жарнамалар эми телеграмда дагы жеткиликтүү болот.
Дүйнөлүк белгилүү бренддерди ишкерлер атактуулардын инстаграм баракчасы аркылуу жарнамалашат. Бул дагы натыйжалуу ыкма. Анткени атактуулардын социалдык баракчасына миллиондогон катталуучулар жазылгандыктан, товарды сатуу ылдам жүрөт.

Улуу Британиянын hopperhq компаниясы жарнама үчүн дүйнөлүк жылдыздар канча каражат аларына рейтинг жүргүзүшкөн. Анда футболист Криштиану Роналду эң алдыңкы оорунга чыгып, инстаграмына салынган бир пост үчүн 2 млн 397 миң АКШ доллар алаары белгилүү болгон.
Автор
Зыягүл Болот кызы
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.