Жетим-Тоо: блогер Ырыс Жекшеналиев 48 саатка камалганы айтылууда

«Фейсбук» социалдык тармагындагы «Политузник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев 14-августта  ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылгандан кийин Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына эки суткага камалды. Бул тууралуу аталган баракчага жарыяланды.

Маалыматка караганда, блогер УКМКнын  мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени тууралуу эски кайрылуусун аталган баракчага жарыялаганы үчүн айыпталып жатат.

Ички иштер министрлиги Жекшеналиевдин кармалышы боюнча азырынча маалымат бере элек.

 Президент Садыр Жапаров 14-августта Нарындагы  Жетим-Тоо кени тууралуу кайрылуу жасап, туура эмес маалымат таратып жаткандарга укук коргоо органдарын чара көрүүгө чакырган.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*