Блогер Жекшеналиев эки айга камалды

16-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы караган соттук отурум жабык өттү. Жыйынтыгында эки айга абакта калтыруу чечими кабыл алынды.

Блогердин жакындары шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрыла тургандыгын билдиришти.

Ырыс Жекшеналиев 14-август күнү Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылгандан кийин Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына эки суткага камалган. ИИМ бул боюнча билдирүү таратып, Жекшеналиевдин кармалышына Фейсбуктагы өзү администратор болгон «Полит Узник» баракчасына УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени тууралуу эски кайрылуусун жарыялаганы себеп болгонун билдирген. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык башаламандык) 3-бөлүмүнө (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) ылайык кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Мунун алдында, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоого байланыштуу кайрылуу жасап, кенди иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун, жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү укук коргоо органдарына тапшырган.

Президент Фейсбуктагы баракчасына «өздөрүн «баатыр» көрсөткүсү келип жаткан «лжепатриоттор!», Жетим-Тоону бирөөлөргө берген жатат деп, калп айтып, элдин башын жөнү жок айлантпагыла. Тартип сактоо органдары, ушундай арам ою бар «лжепатриоттор», калпычылар менен тартипке чакыруу иштерин алып баргыла. Эмне үчүн элге туура эмес маалыматтарды таратып жатышат?- деп жазган.

Жетим-Тоо темир кени Нарын жана Ысык-Көл областтарынын чектешкен жеринде жайгашкан, кенди биринчи жолу 1956-жылы эле ачышкан. Кендеги темирдин запасы үч миллиард тоннадан 10 миллиард тоннага чейин  бааланат. Бирок кен жакшы изилденбегендиктен, андагы кен байлыктын көлөмүн эч ким так айта албайт.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*