Кытайлар алманы кызыл кылыш үчүн боёп жатабы? Фактчек

Социалдык тармактарда “Кытайлар алмаларды кызыл кылып боёп жатышат” деген видео тарап жатат. Тасмада алманын формасындагы белгисиз нерсени ак халат кийген кызматкерлер кызыл түскө боёп жатканын көрүүгө болот.

“Т-Медиа” маалыматты текшерип көрдү.

Видеону скриншот аркылуу google, yandex серверлеринде датасына карап издеп көрдүк. Аны алгач 2021-жылы 3-декабрда Тикток тиркемесине cacao_ing колдонуучусу “Рождество майрамы менен” деген тег менен бөлүшкөн. 

Ошол эле видеонун аягында кутучага салынган алма формасындагы шоколаддын кадры бар. 

Видеону бөлүшкөн баракчанын автору кийинчерээк ошол эле шоколаддардын  кантип жасалышы көрсөтүлгөн башка тасманы жүктөгөн.  Видеого ишенсек шоколад боёлгонго чейин анын түбү тешик болот. Бизде тарап жаткан тасманы жакшылап карасаңыз да боёлуп жаткан формалардын кармалып турган тарабы ачык экенин байкайсыз.

Кытай онлайн дүкөндөрүндө да бул таттуулар чындыгында эле Рождество майрамына жана Валентина күнүнө көп сатыла турганы жазылган. Ал чынында эле кытайда жасалат. Бул өлкөдө алма формасындагы шоколаддар белгилүү болгондуктан аларды үй шартында жасай турган идиштер да сатылат.

Ушул эле видеонун инстаграмда “Кытайлар ушинтип уулайт” деген аталышта жүктөлгөнүн тиркеме жалган маалымат деп чыгарып жатат. Инстаграм эл аралык изилдөөлөргө таянып, видео алма формасындагы шоколаддарды жасоо учурунда тартылган деген тыянакка келген.

Жыйынтык:  Жалган. Тасмадагы көрүнүш ичи таттууга толтурулушу керек болгон алма шоколаддарын боё учуру.

«Бул материал «Фейк контроль» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен даярдалды. Макалада айтылган ой-пикирлер «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1465 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*