Ош: буфердик аймакка курулган үйлөр боюнча соттук териштирүү аяктай элек

Сулайман-Тоо буфердик аймагындагы мыйзамсыз курулуштар боюнча соттук териштирүүлөр аягына чыга элек. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы «Т-Медиага» билдирди. 

Ош шаарындагы буфердик зонага кирген Ленин көчөсүнүн 309-351-даректерине курулуп жаткан үйлөр мыйзамсыз экени айтылган. Алар 309-даректеги «ПИК СТИЛЬ СТРОЙ Холдинг» жана 351-даректеги «Эмаком» ЖЧКларынын үйлөрү. Эки курулушту токтотуу үчүн 2019-жылы соттук териштирүү башталган.

«Учурда бул иштер Ош шаардык сотунда каралып жатат. Соттук кароо стадиясында эки иш боюнча тең эч кандай соттук акт чыга элек» — деди облустук соттун маалымат катчысы.

Ленин көчөсүнүн 351-үйүн куруп жаткан «Эмаком» компаниясы шаардык архитектура уруксат бербегендиктен 2019-жылы январь айында курулушту токтотуп турмай болгон. Бирок кийин курулуш кайра улантылган. Ал эми 309-үйдөгү курулуш токтотулбаганы үчүн «ПИК СТИЛЬ СТРОЙ Холдинг» компаниясына айып пул салынып, иш сотко өткөн.

2009-жылы Сулайман-Тоо тоо ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргенде бир катар талаптар коюлган. Ал талапка ылайык, буфердик зонага үч кабаттан ашкан имарат курууга болбойт.

Сулайман-Тоонун чыгыш жагынан Ак-Буура дарыясына чейин, түштүк тарабынан Рыспай Абдыкадыров көчөсү, түндүк тарабынан Керме-Тоо тараптар буффердик зона болуп эсептелет.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*