
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги миграциялык каттоого байланышкан маалыматты төгүндөдү.
Элчиликтин билдиришинче соцтармакта Орусияда Кыргызстандын жарандарына 3 айга миграциялык каттоого туруп 3-сентябрга чейин чыгуу-кирүү жол-жобосун ишке ашыруу керектиги жөнүндө мыйзам кабыл алынганы тууралуу маалымат тарап жатат. Мекеме бул жалган экенин, миграциялык каттоо мурдагыдай ишке ашырылып жатканын белгиледи.
Миграциялык каттоо:
- эмгек келишиминин негизинде 1 жылга чейинки мөөнөт менен иш жүзүндө жашаган жери боюнча Орусиянын аймагына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде ишке ашырылат.
Эгерде кыргыз жарандарынын Орусияда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери болсо 3-сентябрга чейин жана андан кийин чыгуу-кирүү жол-жобосун жүргүзүүнүн зарылдыгы жок.
Оставьте первый комментарий