USAID Кыргызстанга 15 млн сомдук медициналык жабдуу берди

АКШ Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID ) Кыргызстанга 15 миллион сомдук медициналык жабдууларды берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги 16-августта билдирди. 

Медициналык жабдуулар COVID-19 жана башка жугуштуу оорулардын жайылуусуна бөгөт коюу үчүн тапшырылган. Алардын ичинде, Улуттук госпиталга мобилдик видеобронхоскоп, Чүй областтык ооруканасына чектелген шарттарда диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бере турган мобилдик рентген-аппарат берилди.

Ошондой эле, Ош шаардык ооруканасына шейшептерди жана бейтаптардын буюм-тайымдарын тазалоо үчүн атайы дезинфекциялоочу камералары алынган. Жабдуулардын жалпы наркы 190 000 АКШ долларын же 15 млн сомду түзөт.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*