Жаа атуу жана фехтования: Ислам оюндарында кыргыз спортчулары дагы эки алтын утту

Түркияда өтүп жаткан Ислам оюндарында кыргыз спортчусу Ынтымак Мурадил уулу салттуу жаа атуу боюнча баш байгени утту. Мурдараак Роман Петров фехтованияда алтын медалга ээ болгон. 

Ынтымак Мурадил уулу 70 метр аралыктан жаа атууда 1-орунду ээлеп, кыргыз курамасына 8-алтынды утуп берди.

Ал эми, Петров фехтования боюнча жалпы 8 беттеш өткөргөн. Алгач тайпалык этапта 4 жеңиш менен чыгып, олимпикада 4 утушка ээ болду. Финалдык беттеште Азербайжандык спортчу менен кез келип, 15:11 эсебинде жеңип чыкты.

V Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын капчыгында сегиз алтын, алты күмүш жана жети коло байге бар.

Бүгүн, 16-августт Ислам оюндарынын алкагында кикбоксинг, дзюдо, жаа атуу, салттуу жаа атуу, сууда сүзүү жана баскетбол 3х3 боюнча беттештер өтөт.

Кыргыз спортчуларынын бүгүнкү программасы:

Саат 13:00дө кикбоксинг

  • 51 кг — Тулянбаев Рахманберди
  • 71 кг — Аброр Хакимов
  • 63,5 кг — Чуйков Тимур
  • 60 кг — Улан уулу Адилет

Саат 13:00дө дзюдо

  • 78 кг — Шахида Нармухамедова
  • 78 кг — Диана Халмурзаева
  • 81 кг — Асад Масабиров
  • 90 кг — Эрлан Шеров
  • 100 кг — Алманбет Мамазаиров

Саат 22:00дө сууда сүзүү

  • 100 метр брасс, финал Денис Петрашов

Саат 22:10дө баскетбол 3х3

  • Туркменистан — Кыргызстан
  • Кыргызстан — Ирак

Ислам оюндарына 56 мамлекеттен 4 200 спортчу катышып, 483 медаль ойнотулат. Кыргызстан спорттун 16 түрүнөн катышып жатат. Мелдештер 18-августка чейин уланат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*