Президент Садыр Жапаров “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы бүгүн, 16-августта билдирди.
Жарлыкка ылайык, 25-ноябрда жума күнү Бишкекке элдик курултай чакырылат. Аны уюштуруу комитетинин жетекчиси болуп мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды.
Элдик курултай коомдук-өкүлчүлүктүү, кеңеш берүүчү, байкоочу чогулуш болуп, коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет.
Былтыр 5-майда күчүнө кирген Конституцияда Элдик курултай институту болоору жазылган. Анда 1-сентябрга чейин мыйзам кабыл алынып, жыл аягына чейин курултай чогулушу керек болгон.
Оставьте первый комментарий