Кыргызстанда мас айдоочулардын айынан жылына 80ге жакын адам көз жумат

Кыргызстанда мас абалында унаа айдагандын кесепетинен жыл сайын 60, 80 жаран каза болот. Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2017 жана 2020-жылдары көрсөткүч эң көп катталган. 

Былтыр жалпы жол кырсыгынан 868 жаран мерт кетип, анын 56сы мас абалында унаа башкарып баратып каза болгон. Айдоочулардын күнөөсүнөн 2017-жылы эң көп кырсык катталган. 586 аварияда 85 жаран көз жумган.

Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков 18-июлда быйыл жол кырсыгы былтыркыдан 11%га азайганын билдирген. Каза болгондордун саны да 20%га кыскарган. Министрлик кырсыктын эң негизги себеби жол эрежелерин сактабагандык экенин айтып келет.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1231 статья
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*