Мамлекеттик ипотекалык компанияга 43 миңден ашуун жаран арыз берди

Мамлекеттик ипотекалык компания ушул жылдын март айынан бери 1041 адамга батир алууга насыя берди. Буга 2 миллиард 582 миллион сом жумшалды. Өткөн жылы компания 1732 адамга насыя берген эле.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтына жалпысынан 43 миң 19 жарандын арызы келип түшкөн. Мекеменин адистери анын ичинен 13 миң 657 жарандын арызын канааттандырган. Учурда өнөктөш банктарда (Айыл Банк, РСК банк жана Бакай банк) 5650 жаран кезек күтүп турат.

Аталган банктар 250 адамдын документтерин кабыл алып, насыя берүүгө даярданып жатат. Алар толук үйлүү болгон соң, кийинки кезектегилердин документтери каралат. Арыз мамлекеттик ипотекалык компаниянын расмий сайтында электрондук түрдө гана кабыл алынат жана эки айга чейин созулушу мүмкүн.

Насыя беш багыт боюнча берилет:

  • Жеңилдетилген ипотека — бюджеттик тармактарда иштеп жаткан жарандарга (мугалимдер, дарыгерлер, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында, коргоо органдарында эмгектенгендер) жылдык 4 пайыздык өлчөм менен берилет. Баштапкы төлөм 10 пайыз деп көрсөтүлгөн;
  • Арзандатылган ипотека — бардык категориядагы жарандарга берилет. Бул жарандар үй аларда алгач 20 пайызын төлөшү керек. Жылына 8% үстөк пайыз менен төлөйт;
  • Аймакта жашаган жарандар үчүн ипотека- Ош менен Бишкек шаарынан башка аймактардын жашоочулары үчүн. Бул категориядагы жарандар үчүн да баштапкы төлөм 20 пайыз, жылдык төлөм 8 пайыз менен жүргүзүлөт;
  • Ислам принциптеринин негизинде берилүүчү насыя;
  • Жарандарга өздөрү тандаган батирлер узак мөөнөткө ижарага берилет. Алар ижара акысын толук төлөп бүткөндөн кийин, үй алардын менчигинде калат.

Насыяны төлөө мөөнөтү 25 жылга чейин.

Жыл башында каржы министрлиги мамлекеттик ипотекалык насыялар үчүн бул жылы 6,5 млрд сом бөлүп берүүнү убадалаган. Учурда аталган компанияга 5 млрдга жакын акча которгон.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын пиар-менеджери Жылдыз Бекбаеванын айтымында, компания иштеп баштагандан бери республика боюнча 7203 жаранга насыя берилип, бул үчүн 10 млрд 766 млн  сом акча каражаты жумшалган. Бекбаева кошумчалагандай, алдыда курулуш компаниялар менен биргеликте көп кабаттуу үйлөрдү салуу пландалууда.

Негизи  социалдык норма боюнча бир адамга 30 чарчы метр турак-жай  туура келиш керек. Кыргызстанда бир жаранга 12 жана 13 чарчы метр туура келет. Акыркы жылдары Бишкек жана Ош шаарларында көп кабаттуу үйлөр байма-бай курулуп жаткан менен турак-жай базарында батирлердин баасы кымбаттап келет.

Автор Кенжебү Мамадсадыкова 26 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*