Бейшеналиев иштен алган кызматкерлер жумушуна кайтмай болду

Биринчи май райондук соту мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматта турган убакта чыгарган айрым буйруктарын мыйзамсыз деп табуу чечимин чыгарды. Ал иштен алган кызматкерлер жумушуна кайтарылып, айлыктары төлөп берилет. Бул тууралуу “Т-Медиага” соттун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, сот жумуштан алынган кызматкерлердин арызын канааттандырган. Ага ылайык, министрликте бөлүм башчы болуп иштеген Айнура Акматова, Гүльмира Ибраева жана Азамат Жумакеев ээлеген кызматына кайтарылмай болду.

Быйыл май айында Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алууну өтүнүп министрди орун басарлары, бөлүм жетекчилери бийликке кайрылышкан. Алар министрге бир топ нааразычылыктарын билдирген. Кийин Бейшеналиев ал кызматкерлердин айрымдарын иштен алган.

Бейшеналиев өзү 2-июнда коррупцияга айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура министрге жети берене менен кылмыш иши козголгонун жарыялаган. Бир кылмыш иши «Коррупция», экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелери боюнча козголгон.

4-июнда президент Садыр Жапаров Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөнүн айткан.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1494 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*