Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам оюндарында кикбоксинг боюнча кыргыз спортчулары Адилет Улан уулу күмүш, Аброр Хакимов коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Адилет Улан уулу 60 кг салмак даражада беттешкен. Ал азербайжандык жана йорданиялык мушкерлерди утту. Финалдык беттеште түркиялык спортчудан жеңилип 2-орунду ээледи.
Ал эми Аброр Хакимов 71 кг салмакта казакстандык балбанды, чейрек финалда түркмөнистандык балбанды жеңген. Жарым финалда түркиялык балбанга утулуп 3-орунду ээледи.
V Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын спортчуларында 9 алтын, 8 күмүш, 9 коло байге бар.
Ислам оюндарына 56 мамлекеттен 4 200 спортчу катышып, 483 медаль ойнотулат. Кыргызстан спорттун 16 түрүнөн катышып жатат. Мелдештер бүгүн 18-августта жыйынтыкталат.
Оставьте первый комментарий