Кытайлык дарыгерлер көзгө акысыз операция жасоо үчүн Кыргызстанга келет

Кытай дарыгерлери Кыргызстанга келип көздүн катаратасына 550 бекер операция жасашы күтүлүп жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусунда айтылды.

Маалыматка караганда кытайдын алдыңкы дарыгер-офтальмологдору «Экспресс ден соолук» долбоорунун алкагында өлкөгө келгени жатат. Алар октябрь айында Кыргызстандагы муктаж жарандарга көздүн катаратасына операция жасашат.

Ошондой эле, жолугушууда:

  • кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иш убактысын 31-октябрга чейин 2 саатка узартуу чечими кабыл алынганы;
  • эки өлкөнүн ортосундагы авиа каттамдарынын жыштыгын жумасына 3 жолкуга чейин көбөйтүү пландалып жатканы айтылды.
Автор Наргиза Анарбай кызы 1487 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*