Ошто аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 19 жаштагы жоокер каза болду

Ички иштер министрлигинин Ош шаарындагы №703 ички аскерлер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер каза болду. Ал өткөн жылдын күз айында кызмат өтөөгө келген, ушул жылдын сентябрында мөнөөтү бүтмөк. Бул тууралуу “Т-Медиага” мекеменин басма сөз катчысы Азамат Оторбаев билдирди. 

Окуя 17-август күнү эрте мененки саат 5:30дар чамасында болгон. Суткалык нөөмөттө турган катардагы жоокер М уулу А өзүн начар сезип жыгылып түшкөн. Оторбаевдин айтымында, ошол күнү чогуу нөөмөттө турган кызматкерлер жоокерге алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, дароо эле тез жардам бригадасын чакырышкан. Дарыгерлер келгенде аскер кызматкери каза болуп калганы аныкталган.

“Ички аскерлердин жетекчилиги тарабынан учурда ички иликтөө жүрүп жатат. Андан сырткары тийиштүү укук коргоо органдары жана көзөмөл органдары текшерип жатат. Аскердин сөөгүн кароо учурунда эч кандай гематома жок болгон. Денеси, ички органдары таза чыккан. Медициналык экспертизанын толук корутундусу бир айдан кийин чыгат”-деди Азамат Оторбаев.

Соттук-медициналык экспертизалык кароого аскердин жакын туугандары чогуу катышканы маалымдалды. Дарыгерлердин алдын ала божомолу боюнча жоокер жүрөк оорусунан улам каза болгон. Маркум кызмат өтөөгө келгенде ден-соолугунда эч кандай өзгөчөлүк байкалган эмес. Дени сак  деп табылып, кызматка кабыл алынган.

Учурда Ош гарнизондук аскер прокуратурасы окуяны териштирип жатат. Каза болгон жоокер 19 жашта болгон, ал Баткен облусунун тургуну экени маалым болду.

Автор Кенжебү Мамадсадыкова 26 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*