Ошто пилоттук негизде таштандыны иргөө үчүн стационардык аянтча ачылды

Ош шаарында сорттоочу контейнерлер менен тиричилик таштандыларын чогултуу үчүн стационардык аянтчалардын долбоору ишке кирди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

“Ош-Тазалык” ишканасы калаага 17-августта пилоттук негизде тиричилик таштандыларын бөлүп сорттоочу контейнерлерди койду. Бул стационардык аянтча Араван кичи районундагы Г. Айтиев көчөсүндөгү №11, №13 көп кабаттуу үйлөрдүн ортосуна орнотулган.

“Мындай долбоор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылып жатат. Пилоттук долбоордун алкагында турмуш-тиричилик таштандыларын сорттоп, курулуш жана коммерциялык таштандыларды уруксатсыз чыгарууну көзөмөлдөө үчүн стационардык жерде диспетчер туруктуу жайгашат” – деп айтылат маалыматта.

Алдыда онго жакын мындай стационардык участокторду орнотуу пландаштырылып жатат. Бул долбоор калаанын экологиялык абалын жакшыртууга багытталат.

2012-жылы Ош шаарындагы “Орхус” экологиялык борбору калаада таштандыларды бөлүп таштоо боюнча бул өңдүү пилоттук долбоорду аткарып көргөн. Анда сегиз аянтчага 54 таштанды үкөктөрү орнотулуп, ар бир короодо макулатура, айнек, металл үчүн өзүнчө, полиэтилен, пластмассага башка жана тамак-аш калдыктары үчүн өзүнчө үкөктөр коюлган.

Жашоочуларга таштандыны үйдөн иргеп алып чыгуу үчүн үчтөн челек берилген. Бирок шаарда таштанды ташыган унаалар өз-өзүнчө бөлүнгөн таштандыларды чогуу салып эле жүктөп кетип, полигонго ошол бойдон төккөндүктөн долбоор ишке ашкан эмес.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1494 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*