
Орусиянын тергөө изоляторлорунда отурган кишилерди Украинада согушуу үчүн азгыруу иштери жүрүп жатат. Макул болгондордун кылмыш иши кыскарууда. Бул тууралуу укук коргоочу жана «Русь сидящая» фондунун негиздөөчүсү Ольга Романова билдирди.
Романованын айтымында, ал бул боюнча Подмосковье абагындагы бир нече окуяны билет. Gulagu.net долбоорунун негиздөөчүсү Владимир Осечкин мындай тажрыйбанын бар экенин тастыктады. Анын билдиришинче, долбоордун ыкчам линиясына Москва, Санкт-Петербург, Рязань, Тверь жана Брянсктан маалыматтар түшүп жатат.
Июлдун башында айрым басылмалар орус түрмөлөрүндө отургандарды Украинадагы согушка азгырып жатышканын жазышкан. Бул иш менен «Вагнердин жеке аскердик компаниясы» алектенип жатканы айтылууда.
«Вёрстка» жана «Русь сидящая» фонддорунун эсеби боюнча августтун ортосунда «Вагнердин жеке аскердик компаниясынын» өкүлдөрү Орусиянын 13 аймагындагы 21 колонияны кыдырып чыгышкан.
Бардык жабык мекемелерде алар соттолгондорго жалданмачылык менен Украинадагы согушка катышууну сунушташкан. Бул үчүн абактагыларга ай сайын 200 миң рублдан маяна жана жарым жылдан кийин ырайым менен жазадан бошотуу убадасы берилген.
«Вагнердин жеке аскердик компаниясы» – Орусиядагы бейрасмий аскердик бөлүк. Ал юридикалык жактардын тизмесинде катталган эмес жана аскердик мекемелердин балансында турбайт. Бирок көптөгөн журналисттик иликтөөлөргө караганда, анын жоочулары Орусиянын Сирия жана Украинадагы операцияларына катышып келет.
Оставьте первый комментарий