1000 делегат болот. Элдик курултай жөнүндө убактылуу жобо бекитилди

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Элдик курултай жөнүндө убактылуу жобо бекитилди. Анда курултай 1000 делегаттан туруп, ага президент жылдык кайрылуу жасай турганы жазылган. 

Жобо боюнча элдик курултай мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан маселелерди талкуулоо максатында өткөрүлөт. Ошондой эле:

  • Президент жыл сайын элдик курултайга өлкөдөгү иштин абалы жөнүндө жылдык кайрылуу жасайт;
  • Курултайга аймактык, кесиптик, этномаданий жана конфессиялык коомчулуктарынын өкүлдөрү катышууга укуктуу;
  • Элдик курултай Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңешке өз өкүлүн шайлайт.

Элдик курултайды өткөрүүнүн тартиби

  • Элдик курултай бир жылда бир жолу өткөрүлөт. Анын датасы президент тарабынан аныкталат. Өлкө башчы же курултайдын Аксакалдар кеңеши кезексиз элдик курултайды чакырууга укуктуу;
  • Элдик курултай 1000 делегаттан турат, анын ичинде административдик-аймактык бирдиктеринен 960 делегат, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 28, конфессиялык коомчулуктардан 10 делегат болот.

Административдик-аймактык бирдиктерден делегаттары кантип шайланат?

  • 452 айыл аймагынын ар биринен экиден (904 делегат);
  • облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат);
  • Бишкек шаарынан он жана Ош шаарынан алты (16 делегат) шайланат.

Элдик курултайдын делегаттары бир жылдык мөөнөткө шайланат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, чет мамлекеттин жарандыгы бар адамдар, мурда соттолгондор элдик курултайга делегат боло албайт.

16-августта президент Садыр Жапаров 25-ноябрда Бишкекке элдик курултайды чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Аны уюштуруу комитетинин жетекчиси болуп мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*