
17-августта Ateo Breaking телеграм-каналында «ДСУ акыркы төрт жумада коронавирустан каза болгондордун саны 35%га өскөнүн билдирди» деген маалымат жарыяланды.
«Т-Медиа» маалыматтын чын-бышыгын текшерип көрдү.
17-августта бир катар ЖМКлар коронавирустан көз жумгандардын саны өскөнүн Дүйнөлүк саламаттык уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Гебрейесуска таянып жазышкан. Ал журналисттерге маалымат жыйын куруп, соңку бир жумада эле илдеттен дүйнөдө 15000 адам каза болгонун айткан.
Тедрос Гебрейесустун брифиндеги билдирүүсү ДСУнун расмий сайтына жана Твитердеги баракчасына да жарыяланган. Анын айтымында, соңку бир айда COVID-19дан каза болгондор 35 пайызды түздү. Гебрейесус адам өмүрүн сактап калууда жана вирустан коргонууда бардык шарттар бар экенин эске алганда, мындай катачылык кетирүүгө мүмкүн эмес эле деген пикирин билдирген.
Уюм билдиргендей, түндүк жарым шаарда суук аба ырайы жакындап келе жатат. Бул мезгилде адамдар үйдө көбүрөөк убакыт өткөрөт. Буга байланыштуу жакынкы айларда инфекциянын көбөйүү тобокелчилиги бир гана коронавирус үчүн эмес, башка оорулар, анын ичинде сасык тумоо үчүн да жогорулайт. Мындан улам ДСУнун башкы директору адамдарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырган.
Жыйынтык: чын. Соңку төрт жумада коронавирустан каза болгондордун саны 35%га өскөн.
«Бул материал «Фейк контроль» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен даярдалды. Макалада айтылган ой-пикирлер «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт.
Оставьте первый комментарий