
Сүт азыктарын чыгарган «Үмүт жана Ко» ишканасынын ээси мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Улутук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка караганда, анын үйүн жана иштеген жерин тинтүүдө «БРДМ-2» үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган «Калашников» үлгүсүндөгү пулемет баштаган 40тан ашуун курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу заттардын түрү алынган. Атайын кызмат тараткан кабарда кармалган жаран такай аскер формасын үстүнөн түшүрбөй кийип жүрөрү, агрессияга жакын экени айтылат.
Учурда бул фактыга байлыныштуу кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Маалыматтарга караганда, «Үмүт жана Ко» фирмасынын ээлери ага-ини Кайрат жана Журат Абдуллаевдер. Алар Токмоктогу «Гавайи» ири эс алуу жайынын кожоюндары катары белгилүү.
Оставьте первый комментарий