"Жибек жолу" тоо жарышы
163 велосипедчинин Оштон Бишкекти көздөй жарышы өтүп жатат
Кыргызстанда алты күндөн бери Оштон Бишкекке чейинки веложарыш жүрүп жатат. Ага 13-августта старт берилип, 40 өлкөдөн келген 163 спортчу Оштон борбор калааны көздөй шайтан араба менен жөнөп кеткен. Бул жарышка Кыргызстандан тогуз спортчу катышууда.
Веложарыш тууралуу
Жибек жолу тоо жарышы (Silk Road Mountain Race) Кыргызстанда 2018-жылдан тарта өтүп келе жаткан эл аралык иш-чара. Аны негиздеген велосипедчи Нельсон Трис 2013-жылы ушундай эле жарышка катышып, Шанхайдан Парижге Кыргызстан аркылуу барган. Кийин өлкөгө келип Кыргызстандын алыскы тоолорунун сулуулугун эл аралык велоспорт коомчулугуна көрсөткүсү келип, бул жүрүштү уюштурган.
Быйыл веложүрүштүн катышууулары биринчи жолу Ош шаарынан Жиптик ашуусу, Арстанбап, Казарман, Нарын, Тамга, Ысык-Көлдүн түштүк жээги, Соң-Көл көлү, Тосор ашуусу аркылуу Бишкек шаарына бара жатат. Жолдун узундугу дээрлик 1900 чакырым. Анын негизги бөлүгү тоолорду аралап өтөт. Азыр алгач жөнөп кеткен 163 спортчунун 108и жүрүштү улантууда.
Жарыштын эрежеси боюнча спортчулар алгач түзүлгөн маршрут менен гана көздөгөн финишке жетиши керек. Кошумча жардамсыз керектүү буюмдарын өздөрү менен алып журүшү зарыл. Азык-түлүк түгөнсө дүкөндөрдөн сатып ала алат. Велосипедчилердин бардык жүрүшүнүн далили да болушу керек. Аларды онлайн srmr2022.maprogress.com сайтында ар бир жаран күзөтүп тура алат. Андагы акыркы маалыматтар боюнча алдыңкы ондукта кыргызстандык велосипедчи Максим Черкасов да бара жатат.
Бул машакаттуу жарышта велосипедчилер жалгыз же жуп болуп жүрүп жатат. Алар маарага 27-августка чейин жетип барышы керек. Төмөндө "Жибек жолу" тоо жүрүшүнүн (Silk Road Mountain Race) расмий баракчасында жарыяланып жаткан жарыштагы сүрөттөр менен бөлүшөбүз.
Кыргызстанда эл аралык веложарыш алгач 2018-жылы 18-августтан 1-сентябрга чейин уюштурулган. Анда Бишкектен Чоң-Кеминге чейин 1721 киллометр аралыкты аралап өтүүгө 86 спортчу чыгып, 30у финишке жеткен.

2019-жылы спортчулар борбор калаадан Чолпон-Атага чыккан. Ага 135 велосипедчи катышып, 68и маарага жете алган.

2020-жылы "Жибек жолу" тоо жарышы коронавирус пандемиясынан улам уюштурулган эмес. 2021-жылы үчүнчү эл аралык веложарыш Таластан Балыкчыга чейин болгон. Анда 95 велосипедчи старт алып, 1895 км аралыкты 52си жүрүп өтө алган. Быйыл жарыш биринчи жолу Кыргызстандын түштүк регионунан старт алды.
Автор
Наргиза Анарбай кызы