Жеке ишкер Тешик-Ташты мыйзамсыз ээлеп алганбы?

Ош шаарынын Шейит Дөбө аймагындагы талашка түшкөн 2 гектар 40 сотых жер жеке ишкер Нуркул Шырдаковго убактылуу пайдаланууга берилген. Ишкер ал тилке менчиги экенин айтууда.

17-августта Ош шаарынын Шейит-Дөбө аймагында (Тешик-Таш) жашаган тургундар «Т-Медиага» кайрылышып, алардын үйүн сүрдүрүү үчүн сот аткаруучулар келгенин, маселени жеринен чагылдырып берүүнү өтүнүшкөн. Биздин редакция талашка түшкөн жердин чоо-жайын тактоого аракет кылды.

Ишкер менен 33 үй-бүлөнүн жер талашы

1998-жылы Мамлекеттик мүлк фонду Тешик-Таштагы 12 пайыз курулушу бүткөн 6 500 чарчы метр жерди ээлеп турган универмагды сатыкка койгон. Аукционго жеке ишкер Нуркул Шырдаков жалгыз катышып, жеңүүчү деп табылган жана 360 миң сомго универмагдын ордун курулушу менен сатып алган.  Ошол эле жылы менчик күбөлүгүн алган.

Бирок Ош шаардык мэриясы башка жүйөөнү келтирип жатат. Муниципалитеттин маалыматы боюнча, 1999-жылы Шырдаков ал кездеги Ош шаардык мамлекеттик администрациянан (азыркы мэрия) универмагдын айланасындагы 2 гектар 40 сотых жерди убактылуу пайдаланууга сураган. Анткени жергиликтүү бийликтин аталган аймакка келечекте жабык базар куруу планы болгон. Ошентип, ишкер универмагды Ош 3000 жылдыкка карата пайдаланууга берүү милдетин алган. 1999-жылдын апрель айында  шаардык бийлик токтом чыгарып берген.

Үйлөрү сүрдүрүлүүгө кетип жаткан 40ка чукул жарандын үйү дал ушул 2 гектар 40 сотыхтын ичинде жайгашкан. Алар ата-тегинен бери аймакта жашап, үйлөрүнүн кызыл китеби болгон. (Кийин 2010-жылкы коогалаңда үйлөр толугу менен күйүп, документтери кайра калыбына келтирилген.) Токтомдо жеке ишкер Нуркул Шырдаковго, Экотехинспекция, Мамлекеттик каттоо кызматы, Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы жана Ош шаардык архитектура башкармалыгына аймактан көчүрүлүүчү үйлөрдүн компенсация маселесин чечүү милдети жүктөлгөн. Мэрияга караштуу муниципалдык менчик башкармалыгынын юристи Кадырахун Жолдошбаевдин айтымында, аты аталган мекемелер жана Шырдаков кенемте төлөнгөндүгү тууралуу тактама бере албай жатат.

«Ал жерде башында 48 код, же дарек көрсөтүлгөн. Кийин 38, 33 болду. Алардын эч кимиси кенемте албаганын айтып келишет. Шырдаков өз чөнтөгүнөн да кенемте төлөгөн эмес. Универмагды курмак тургай, талкалап жок кылып, Осмонов деген өнөктөшү менен убактылуу базар кылып, пайда таап келет. Жерди пайдалануу укугу 2000-жылга чейин берилген. Андан бери ал аймакты мыйзамсыз иштетүүдө», -деди Жолдошбаев.

Шырдаков эмне дейт? 

Нуркул Шырдаков

2 гектар 40 сотых жердин ичинде 30дан ашуун үй болсо, учурда алардын алтоо соттун чечими менен ишкер Нуркул Шырдаковго өткөн. Ош шаардык сотунан билдиришкендей,  соттун чечими менен үйдүн ээлери турак-жайларын  өз эсебинен бузууга милдеттенме алышкан.

«Соттун мындай чечимине Оштогу  Кадастр мамлекеттик мекемеси тарабынан берилген тактама негиз болуп жатат. Анда 1999-жылдагы токтомдун негизинде менчик укугу Шырдаковго катталган. Ошондуктан сот жарандык кодекстин нормаларына ылайык, тийиштүү уруксат албай туруп, курулуш өз алдынча курулган деп, Шырдаковдун  доо арызын канаттандырган»— дейт Ош шаардык сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы.

Нуркул Шырдаков өзү жерге карата кызыл китеби жок экенин, көк китеп алганын айтат. Бирок 2 гектар 4 сотых жер анын менчиги экенин белгиледи.

«Жер меники, үйлөр мыйзамсыз турат. «Үйдүн ээсимин» деген жарандар башка жакта жашайт. Ызылдагандардын баары сырттан келгендер. «Жер кодексин ишке киргизүү жөнүндө» 1999-жылдын 2-июнунда чыккан мыйзам бар. Анда 1999-жылдын 16-июнуна чейин берилген бардык кыймылсыз мүлккө  укук берүүчү документтердин баары төлөмсүз, таанылат деп жазылып турат. Ошондуктан менин менчигим экенин Жогорку сот моюндады. Азыр бузула турган үйлөрдүн ордуна универмаг салам».

Мыйзам боюнча  Мамлекеттик катоо кызматынан мүлктү биринчи каттоодон өткөргөн жаран анын  ээси болуп эсептелинет. Менчиктин үстүнөн менчикке берилбейт. Шырдаков өз мүлкүн каттаткан эмес. Мындай жагдайда аталган аймакта жашап жаткан жарандардын кызыл китеби, жеке ишкердин көк китеби бар. Оштогу «Интербилим» уюмунун юристи Нуркыз Жаныбекованын айтымында, соттун чечими жок эч кимди менчик укугунан ажырата албайт.

«1999-жылы ошол кездеги жергиликтүү бийлик убактылуу пайдаланууга укук берчү токтом чыгарган. Бирок соттун чечими жок туруп, жергиликтүү бийлик менчик укугунан ажыратууга укугу жок эле. Анткени ошол учурда эле аталган жерде адамдар жашачу. 2010-жылдан кийин деле мамлекет атасынан баласына өткөн деген негизде жарандардын документтерин кайра тикелеп берген. Жер Шыркадовдун менчиги болсо, үйдүн ээлерине кызыл китеп берилмек эмес да»-дейт Жанышбекова.

Ош мэриясы ишкер милдеттемелерди аткарбаганы үчүн жерди кайтарып алуу иш аракетин жүргүзүп жатканын билдирди.

Автор Кенжебү Мамадсадыкова 26 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*