
18-августта Коргоо министрлигине караган Бишкектеги Аскер институтунун бир жоокери октон каза тапты. 17-августта ИИМдин алдындагы Ички аскерлердин Оштогу №703 бөлүмүндө да катардагы жоокер кызмат өтөп жатып, өзүн жоготуп каза болгон. Муну менен июль, август айларында эле кызмат өтөп жатып каза болгондордун саны төрткө жетти.
Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова аскерлердин биринин артынан бири каза болуп жатканы кыргыз армиясында системдүү көйгөй бар экендигин дагы бир ирет далилдеди дейт. Анын пикиринде, аскер жетекчилери президентке, жогорку кызматтагыларга «баары жакшы» деп отчет берген менен, чындыгында көйгөй көп. Абдрахматова жетекчилер кайдыгер мамиле кылып жатат деген ойдо.
«Аскерлер өздөрү күнөөлүү дегенден мен алысмын. Маселен, балдарды армияга чакырганда биринчи эле ден-соолук комиссиясынан өткөрүшөт. Ошондо дыкаттык менен иш алып барыш керек. Комиссия алардын «Ден-соолугу жарайбы же жарабайбы?» деген суроого так жооп бериш керек. Экинчиден, «дедовщина» деген да бар. Ошого дагы деле кош көңүл мамиле болуп, жаап-жашырганга аракет кылып жатышат. Анткени бүгүн бир окуя болсо, кудай сактасын эртең бурсүгүнү, кагаз түрүндө кандай керек болсо, ошондой толтуруп коюп жатышпайбы. Мен кызматка келгенден бери эки учур бар да. Аскерлер улам улам ата-энесине байланышып, соткасына акча салдыртып турган, чоң суммадагы акча салдырышкан. Азыр экөө тең акыл-эсинен начарлап, ооруканада жатышат, жаш жигиттер. Ал акчаны кайда кетирген? Кызмат өтөп жаткан жериндеги жетекчилерге, же чогуу кызмат өтөгөндөргө бердиби жокпу ошону анализдеш керек болуп жатат. Биз буга чейин миң ирет анализ жүргүзүп, миң ирет сунуштар айтылган. Бирок ага көңүл бурулбай келет. «Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат» дегендей, көйгөйдү жашыра берсек, абал оорлойт».
Акыйкатчы институту 1-октябрга чейин жумушчу топ түзгөн. Алар өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, ата-энелерден, аскерлерден анонимдүү сурамжылоо жүргүзүшөт.
Аскерлерди кабыл алууда кайдыгерлик болуп жатканын «Жоокерлердин энелери» республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова да белгилейт. Ал кырсык болгондон кийин аскерлерди көзөмөлдөгөн жетекчилерди жумуштан алгандан көрө, алдын-ала мониторинг жүргүзүү маанилүү деген ойдо.
«Менин эсебимде акыркы беш жылда ушуну менен 13 жоокер каза болду. Мен офицер, жетекчилерди кошкон жокмун. Биз азыр Кыргызстандагы бардык аскер бөлүктөрүн кыдырып жүрөбүз. Армияда мурдагыдан караганда шарт бир топ жакшырган. Тамак-аш, кийим, казарма баары бар. Биз керектүү адистерди чогултуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Бирок мынтип жаш балдардын каза болуп калып жатканы өкүнүчтүү. Азыр коомго эң эле оор сокку болгону, эки буту менен чыгып, кайра башы менен өлүп келгени болуп жатат. Мамлекет баланы өз жоопкерчилигине алдыбы демек, дени сак үйүнө жибериши керек»-деди ал.
Эки күн катары менен жоокерлердин каза болушу коомчулукта кызуу талкууну жаратып жатат. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов «соңку окуялар балдардын армияга даяр эмес экендигин көрсөттү»- деп билдирген.
Оставьте первый комментарий