Кыргызстанда жер көчкү кооптуулугу бар жерлерди зыянсыздандыруу үчүн Азия Өнүктүрүү Банкы 39 млн доллар бѳлѳт. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматынан билдиришти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдөгү жер көчкү жүрүү коркунучу бар 44 аймакта топуракты атайын тектирлеп түшүрүп, табигый кырсыктын алдын алуу иштерин жүргүзөт. Тандалып алынган аймактарды атайын адистер изилдеп бүттү. Жакын арада зыянсыздандыруу иши башталат. Табигый кырсыкты алдын алуунун мындай ыкмасы өлкөдө алгачкы жолу жасалып жатат.
Кыргызстанда төрт миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Ош менен Жалал-Абад облустарында. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 22 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен өлкө боюнча 2731 турак үй, 46 социалдык объект, 242 чакырым автоунаа жолу, 38 ички чарбалык көпүрө, 1 605 гектар айдоо аянты, 52 чакырым сугат арыгы, 46 чакырым сел агуучу канал, 16 жеңил автоунаа жабыркаган.
Оставьте первый комментарий