Орусия: жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктардын абалы айтылды

Орусиянын Ульяновск облусунда ири жол кырсыгына кабылып ооруканага түшкөн үч кыргызстандыктын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы билдирди.

Министрлик алар керектүү дары-дармек менен камсыз болгонун кошумчалады. Окуя болгон жерде Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери иштеп жатат.

«Соттук-медициналык экспертизалар аяктагандан кийин маркумдардын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт. Президенттин тапшырмасы менен  каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн атайын учакты уюштуруу иштери жүрүүдө«, -деп айтылат маалыматта. 

Орусиядагы ири жол кырсыгы

21-августта Ульяновсктогу ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14 кыргыз жарандары. Каза болгондордун  жакындары үчүн +7 926 861 50 98, +996 551 312-000 атайын номерлери иштеп жатат.

Президент Садыр Жапаров тиешелүү министрлик-мекемелерге каргашада каза тапкандардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады. Анын билдирүүсүндө, президент каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайрыгуу менен көңүл айтканы жазылат.

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*