www.t-media.kg
Улуттун уңгусу упурап, эгемендик эңгиреп калбасын!
Автор: Улукбек Сали уулу
24-август, 2022-жыл
Кыргызстан эгемендүүлүк алганына быйыл 31 жыл болот. Ооба, кыргыз элинин көз карандысыздыкка жеткенине анча деле көп убакыт болгон жок. Бирок тарых барактарында б.з.ч 201-жылдардан бери кыргыз улуту болуп келгендиги көрсөтүлгөн. Кыргыздар бул күнгө жетип келгенге чейин турмуштун оош-кыйышын көргөн. Заман агымы менен чогуу агып, улуттук баалуулуктары менен кошо улуттук идеологиясын сактап келгенге аракет кылган. Бирок түрдүү доорлордо кыргыздын өзүнүн карманган идеологиясы калып эле, советтик-коммунисттик, батыш, араб агымдарына чөгүп бараткандай. Бул макалада кыргыздын баалуулуктары жана аны кармануу канчалык маанилүү экени жөнүндө учкай кеп кылабыз.
Учурда жер шаарында жашап жаткан адам баласынын көпчүлүгү эле дүйнөнүн булуң-бурчунда болуп жаткан кабарларды заматта биле алат. Албетте, интернет дүйнө элинин маалыматты тез алмашып туруусуна өбөлгө түздү. Ал гана эмес, өзгө элдин маданиятында, саясатында, коомунда болуп жаткан негизги окуяларды көрүп, билип, салыштырып турууга мүмкүнчүлүк жаратты. Анын пайдасы менен кошо зыянын да алып, чыпкасы жок эле баарын кабыл алып жатат.
Жогорудагы видеодо автор Нурсултан Генжебаев көчөдөгү элден кыргыздын чыгаандары жана башка өлкөлөрдүн шоу-бизнесиндеги жылдыздарды көрсөтүп, "жаштар өз ата-тегин унутта калтыра элекпи" деген сурамжылоо жүргүзгөн.
"Тарыхты билбесең келечекке жол таба албайсың"
Кыргыз элинин накыл кеби
НАРК
Нарк-насил деген сөз "кыргызмын" деген жарандын кулагына бейтаныш эмес. Ал сөздүн маанисине токтолордон мурун ата-бабалардан калган, муундан-муунга оозеки өтүп келе жаткан нарктуу сөздөрдөн мисал келтирсек:
Мекенди сүйүү, коргоо жана ага кызмат кылуу.
Улуттук аӊ-сезимди, ар-намысты сактоо.
Адамдык ариетти бекем тутуу.
Кечиримдүүлүк, ак никени бузбоо.
Ата-энени сүйүү жана урматтоо.
Динин, дилин башкага алмашпоо.
Сулайман Рысбаев
педогогика илимдеринин доктору, профессор
- Наркты элдик протоколдор деп атаса да болот. Демек, ал элдик протокол эч качан өзгөрбөйт жана салттар ошол протоколдор менен ишке ашырылат. Нарк улутка тишелүү ар бир жарандын билиши керек болгон ар-намыс, ардактуу парз жана өз улутунун өзгөчөлүктөрүн, анын бүтүндүгүн, иденттүүлүгүн билгизип, ал эрежелерди билүү жана аны сыйлоо дегенди туюндурат. Наркты билбеген адамды элибизде «наркы жок», «нарк билбеген билимсиз наадан» деп айыпташкан. Элибизде дагы «нарк-насил» деген сөз бар. "Улуттук нарк-насилибизди сактоо менен гана улутубуз сакталып келет" деп айтабыз. Насил деген эмне? Насил - бул түп, тек, түпкү тек деген маанини билдирет. Демек, нарк-насил деп кош сөз кылып айтканыбыздын жөнү бар экен. Ал түпкү , аталардын наркы, аталардан келаткан нарк дегенди туюндурат.
Кыргыздын улуттук баалуулуктары
Ар бир улуттун, элдин туу туткан, илгертен бери аздектеп, бешиктеги ыры менен атанын кебинде, нарктуу санжыралары менен укумдан-тукумга, атадан балага өтүп келе жаткан баалуулуктары бар. Кыргыз элинин байыртадан бери сактап келе жаткан баалуулуктары көп. Биздин тарыхыбыз, тилибиз, динибиз, маданиятыбыз, салт-санаабыз, тарыхый эстеликтерибиз ушуга окшогон көптөгөн баалуулуктарга байбыз. Бирок доор алмашкан сайын баалуулуктар өзүнүн ордун жоготуп, коом өзгөргөн сайын баалуулуктарга болгон көз караштар өзгөрүп бара жатат. Тилибиз орустарга байланса, динибиз арабдарга, колдонгон буюмубуз, кийген кийимибиз кытайлардан болууда.
Баалуулуктар руханий жана заттык болуп бөлүнөт. Руханий баалуулуктарга: дин, тил, санжыра, оозеки чыгармачылык, тарых кирсе; заттык баалуулуктарга: музыкалык аспаптар, оймо-чийме, кол өнөрчүлүк, салт-санаа, эстеликтер, акча бирдиги сыяктуу кол менен кармап, көзгө көрүнгөн, кыргызга тиешелүү болгон заттар эсептелинет.
Кыргыздын оймо-чиймесин брендге айландырган биздин замандаштарыбыз да бар. "Кийиз Групп" компаниясынын ишмердүүлүгү дүйнөнүн булуң-бурчуна тарап, заманбап буюмдарга кыргыздын орнаментин түшүрүү менен өзгөчө саркеч буюм жасоодо жаңы идея көтөрүп чыгышты. Компаниянын негиздөөчүсү бул иш кыргыздын атын алыска жеткирип, жаштардын, келечек муундун кыргыз баалуулуктарын сактоого салым кошот деп эсептейт.
Аң-сезимдеги иммундук система
«Өрдөк жокто чулдук бий» демекчи, кыргыздын улуттук идеологиясы көтөрүлбөй турган кезде башка идеологиялардын биздин аң-сезимде алдыга озуп бараткандыгы кешийтүү маселе. Башка өлкөнүн маданияты, дини кыргыз элинин ошол боштугу жетиштүү деңгээлде толбой жаткандыгынан болууда деген пикирде теолог Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу
теолог
- Улуттук иденттүүлүк эң башында туруш керек. Сырттан келген кандайдыр бир диний түшүнүктөр, окуулар, көз караштар, аң-сезимдер сөзсүз түрдө биздин улуттук баалуулуктарыбыз менен, нарк-насилибиз менен эсептешкен соң гана, башкача айтканда, жогорудагы түшүнүктөр макул дегенче гана башкалар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүшү керек. Бул жерде укуктук жактан тыюу менен чечилчү маселе эмес. Ар бир кыргыз жаранынын аң-сезиминде кыргыздык нарк-насил, улуттук дух башкы орунда туруп, иммундук система пайда болушу керек.
Жок болуп бараткан улуттар
Цыгандар
Цыгандар - дүйнөнүн эң байыркы элдеринин бири. Бүгүнкү күндө аларды бардык жерден кездештирүүгө болот. Алардын мекени Индия болгон деп тарых булактарында айтылып келет. Ага чейин цыгандар египеттиктерден тараган деген божомолдор бар. Алар бардык динди карманышат. Кайсы жерди байырлашса, ошол жердин динин кабыл алышат. Алардын мекени – бүткүл аалам (кызыгы, бир гана Японияда жок экен), өлкөсү жок, бирок желек, гимн, герби бар, жазуусу жок, бирок тили бар, сыры да, чыры да көп этникалык калк.

Майя эли
Укмуштуудай цивилизацияны курган Майя эли мындан 3600 жыл мурунтан бери жашаган. Аларда технология, билим жакшы өнүккөн. Аны Майя элинин календарды ойлоп тапканынан эле билсек болот. Тилекке каршы алар 16-кылымга чейин эле жашашкан. Испан басыкынчылары аларды басып алган деп айтылып келет.

Парстар
Бул улут биздин заманда да жашап келүүдө. Өз мамлекетти жок. Индияда 70 миң, Америка, Улуу Британия, Канада, Австралия өлкөрүндө өтө аз сандагы калкы бар. Алардын баары бириккенде 100 миңге да жетпейт. Алар зороастризмдин салттарын сактап, өлгөн адамдын денесин жерге көмбөйт. Зороастризмдин салты боюнча өлүк "таза эмес". Аны жерге же отко берүү чоң күнөө. Сөөктөрдү карышкырлар жеп, сөөктөрү мунаранын түбүнө түшөт.
Актуалдуулугун жоготуп бараткан баалуулуктар
Ар бир улуттун өзүнүн өзгөчөлүгү бар: салтында, жашоо турмушунда, карманган дининде. Бирок ааламдашуу доорунда бардык эле нерсени баалуулукка ыктап эле көтөрө берүү да туура эмес деп эсептейт этнограф Абдымиталип Мурзакметов. Ал бул оюн кыргыз салты деп сиңип калган "кыз ала качуу" сыяктуу терс көрүнүштөрдүн болуп жаткандыгы менен түшүндүрдү.
Абдымиталип Мурзакметов
этнограф
-Улуттук баалуулуктарыбыз күн өткөн сайын жок болуп унутулуп бараткан сыяктуу. Ооба, баалуулуктар тил, дин, каада-салт менен кошо өнүгөт дедик. Ушул баалуулуктар мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнө өтө чоң салымын кошот. Өз маданиятын калыптандыра албаган жана жоготуп койгон улут жемиш бербеген же аны жоготкон дарак сыяктуу. Бүгүн болбосо, эртең ал үйүлгөн отунга айланары турган иш. Бирок айрым актуалдуулугун жоготкон баалуулуктардын ичиндеги логикалык жактан туура эмес ченемдерди колдонбой койгонубуз оң. Дүйнө эли суктанып жаткан жапон элинде да баалуулуктар өтө көп болгон. Бирок алар ар бир баалуулукту күндүн шартына, замандын нугуна карап көрүшүп, пайдалуу болгондорун алып калып, пайдасызын колдонбой коюшкан.
Улуттук идеология - идеологиялык агымдардын бири. Маанилүү проблемаларды, улуттук маселелерди чечүүнү болжолдойт. Улуттук саясий кыймылдардын руханий негизи болот. Улуттук идеология улуттардын маданий өз алдынчалыгын жана эркиндигин камсыз кылуу программасын иштеп чыгат. Улуттук идентификациялоонун негизинде жарандардын жүрүм-турумунун максатын көрсөтөт.
Мелис Мураталиев
кыргыз таануучу
- Азыркы биздин мамлекетибизде, мамлекеттин өзөктүү идеологиясы адам укугун туу туткан, жарандык концепциясынын негизинде бардык система иштеп жатат. Мен ойлойм, эгер ушундай форматта кете берсек, идеология да, тил маселеси да жетимсиреп кала берет. Ошонун баарынын чечүүнүн жолу - биздин мамлекеттин башкы улуттук идеологиясы болушу керек. Атуулдук аң-сезимдин негизинде, анын ичинде улуттук маданият, эне тил, тарых, нарк, санжыра сыяктуу бардык улуттук баалуулуктарды камтый турган идеологиялык өзөк болгондо, биздин структурабыздан баштап саясий, экономикалык жана башка чарбалык тутумдарыбыздын баары ошого байланганда гана бардык маселе чечилет. Маселени комплекстүү түрдө чечмейин эне тил маселесин, саясатты, экономиканы өзүнчө чечүү мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын мыйзамына баам салсак, өлкө демократиянын принциптери менен өнүгүп келе жатат. Бул жөн гана кагаз бетине жазылып келе жаткан сөздөрдөй. Чынында кандай болуп жатканы эл таразасында. Улуттук идеология - кыргыздын жакынкы келечегин чечүүчү этап болуп калды.
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму менен өнөктөштүктө, "Интерньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн "Медиа-К" долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Бул материалда айтылган пикирлер "Интеньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши мүмкүн.