Оштун мэри Мамбетов бир жылда көзгө басаар эмне жумуш жасады?

Алмаз Мамбетовдун Ош шаарынын мэри болуп расмий иштеп киришкенине бир жылдын жүзү болду. Бул убакыт аралыгында ал көзгө басаар эмне жумуш жасады? Буга чейинки калаа башчылары «чарбачыл жетекчи» деп мүнөздөлсө, Мамбетовго кандай сыпаттама берилип жатат? «Т-Медиа» анын ишмердигине сарасеп салды. 

Президент колдоосун билдирип, Ош мэрлигине жападан жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн Алмаз Мамбетов 43 шаар депутатынын добушу менен былтыр 26-августта шайланган. Анын калаа башчылыгына келүүсү буга чейинки коомчулуктун болжолдоп жаткан талапкерлерин жокко чыгарды. Соцтармак колдонуучулары мэрликке Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, экс депутат Жылдызхан Жолдошовалардын ысымдарын атап жиберишкен. 

Алмазбек Мамбетов адегенде журналистерге маалымат жыйын куруп, Ош шаарынын көкөйдү кескен көйгөйү болгон «таза сууну чечем» деген убадасы менен киришкен. Деген менен ал таза сууга байланыштуу убада берген алгачкы мэр эмес. 

Мэрден мэрге мураска калган таза суу көйгөйү

Ош шаарындагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири — таза суунун үзгүлтүккө учураганы. Тургундар ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, жамгыр жааган сайын булганып, сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин токтоп калат. Алмаз Мамбетов былтыр 2-августта убактылуу калаага башчы болуп келгендин эртеси эле ушул көйгөйдү сезгенин айткан жайы бар. 

«Суу өчүрүлгөнү өзүмө да сезилди, анткени эрте менен турсаң суу жок. Азыр 21-кылымда суу жок деген түшүнүк болбош керек го деп ойлойм», — деген Мамбетов.

Ал маселени чечүүнү жазда баштай турганын айтып, финансы боюнча «варианттар» каралып жатканын билдирген. Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы грант катары бөлө турган 3 миллион АКШ доллары көйгөйдү чече албайт. Бирок ага карабай калаа бийлиги маселени чечүү үчүн үстүбүздөгү жылдын 9-августунда 250 миллион сомдук тендер жарыялады. Долбоордун мөөнөтү эки жыл, Ош мэриясы ишке ашкандан кийин шаардагы таза суу маселеси 70-80% чечилет деп ишендирүүдө. Бирок аталган иш азырынча бүтө элек.

Туризм…

«Адегенде ажаткана маселесин жөнгө салса болмок»

Алмаз Мамбетовдун мэрликке келгенден кийинки көзгө басаар демилгеси катары Ош шаарынын эн белгисин иштеп чыгуу аракети аталып жүрөт.   Октябрдын башында аталган демилгениен  алкагында «Ош — Silk Road Provider» деген аталышта сынак жарыялап, алдыңкы эки орунга 50 миңден 100 миң сомго чейин ыйгарыларын белгилеген. Мэр бул демилге Ошко жүз миңдеген туристтерди тартат деп ишендирүүдө. 

Калаа бийлиги туристтик объектилердин бири деп, Ош улуттук драм театрынын жанындагы аянтчага 19 төө, кербенчи, тайгандар жана жылкылардан турган кербен орнотту. Ага казынадан 1,5 миллион сом коротушкан. Бирок  бул демилге коомчулуктун сынына кабылып, көп суммадагы каражатты «асманга сапырбай» реалдуу көйгөйлөрдү чечсе болмок деген пикирлер басымдуулук кылды. 

Улуу Жибек жолунун кербени. Сүрөт: Наргиза Анарбаева

Жергиликтүү бийликтин миллиондон ашык турист тартуу планы колдоого аларлык демилге, эгерде аны толук кандуу ишке ашыра алса.  Бирок адегенде ажаткана маселеси менен коопсуздук көйгөйүн чечиш керек. Мындай пикирин жарандык активист Гүлгаакы Мамасалиева билдирди. Ал шаардагы  ажатканаларга эки деген баа берет. Ошондой эле мамлекеттик жана жеке менчик ишканалардын дааратканалары да жабык экенин айтып, мыйзамда алар эл үчүн иштеши керек экенин белгиледи.

«Коомдук жайларда туалеттер жокко эсе. Бир-эки гана эс алуу жайлардан байкап калбасак, көбүнчө адамдар ажаткана издеп жүргөнүн көрөсүң. Туристтердин келе турган саны ошол ажатканалардын канчалык деңгээлде көбөйүшүнө байланыштуу болот. Себеби миң турист келсе, аларды тейлей турган тиешелүү сандагы туалеттер коомдук жайларда пайда болуш керек. Эреже боюнча ажаткана ар 3-5 метр жерде жайгашуусу шарт. Жергиликтүү бийлик аларды атайын тактайларга жазып, белгилер менен көрсөтүп да коюшу керек».

Экс-коллегасынын жумушун улантуу ниети жоктой…

Мэрдин милдетин аткаруучу болуп турган учурда Алмаз Мамбетов журналисттерге маалымат жыйын куруп, ошондо Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери уланаарын белгилеген жайы бар. Ушул эле сөзүн анын талапкерлиги Ош шаардык кеңешинде каралып жатканда депутаттарга да кайталаган. Бирок Мамбетовдун бул пикири кайчы пикирлерди жараткан эле. Депутаттардын бири Абдыжапар Аккулов суунун нугу бузулуп, казына каржалып турганда каражатты ага жумшоо зарыл эместигин айткан. Бирок ага карабай калаа бийлиги Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүү долбоорунун экинчи этабы үчүн Дүйнөлүк банктан 250 млн сом грант алганы жатат. Деген менен Мамбетов экс коллегасынын (Сарыбашов) жумушун улантып кетүү ниети жоктой өңүт калтырат .

Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүү долбоорунун биринчи этабы. Сүрөт: Ош мэриясы

2020-жылы коронавирус пандемиясына карабастан Ош мэриясы ири долбоорду баштаган. Ал үчүн шаардык казынадан 1 млн 200 миң сом бөлүнгөн. Курулуш ошол кездеги мэр Таалайбек Сарыбашовдун жеке демилгеси деп айтылганы менен ал өзү муну командалык иш деп атаган.

2021-жылдын сентябрында УКМК Ош мэриясынын кызмат адамдарына карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачкан. Кылмыш иши Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери боюнча жарыяланган тендерге байланыштуу козголгон. 

Уурдалган, тамтыгы чыккан тротуарлар…

«Тротуар жылы»

Азыркы мэр Алмаз Мамбетов шаар башчылыгына келгенден тартып жолдорду кеңейтүүгө, тротуар салууга, мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүүгө аракет кылып жатканын айтып келе жатат. Мэриянын басма сөз кызматы 29-июлда калаа башчынын бир жылдык отчету камтылган видео жарыялады. Анда шаардын 31 көчөсүнө тротуар басылып жатканы айтылган. Мэрия быйылкы жылды «Тротуар жылы» деп атап, каралбай калып кеткен жөө адамдар басуучу жолдорду массалык оңдоп жаткан учуру. Андан тышкары мыйзамсыз ээлеп алган тротуарларды кайтаруу аракетин көрүп жатат. 

Ош шаары. Сүрөт: Наргиза Анарбаева

Ошондой эле Туран кичи районунда салынган ипотекалык негиздеги көп кабаттуу үйдүн ачкычын жарандарга тапшыруу аземи да Мамбетовдун учуруна туш келди. Мэрдин отчетунда шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын сырдоону улантып жатышканы да айтылат. Көп кабатуу үйлөрдү сырдоо жана аны максималдуу түрдө пиарлоо адаты Сарыбашов турган тушта башталган. 

«Борбордон келген кадр катары катыра иштесе болмок»

Мамбетов калаага жаңы жетекчи болуп келгенде активист Айбек Таалайбек уулу анын «Ошко келип жүргөм, ошого мэр боло алам» деген сөзүн сындаган эле. Ал убакта активист республикалык деңгээлдеги шаардын чоң көйгөйлөрү, татаал инфраструктурасы, көп калкы жана жетишип-жетишпеген бюджети бар экенин белгилеген. Анын айтымында, Мамбетов мунун баарын изилдеп, түшүнүп бүткүчө эле бир-эки жылдык убактысы кетет. 

Активист Мамбетовдун бир жылы мурунку мэрлердикинен айырмаланбай, так ошол популист калаа башчыларынын катарында баратканын айтат. Анын пикиринде, Алмаз Мамбетов Бишкектен келген кадр катары Ошто дараметин көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. 

«Борбордон келген кадр катары, тааныш-билиш салгандарды карабай иштесе болмок. Анткени бул жакта кудасы, тууган-уругу, дос-таанышы жок.   Эл арасында “ишине издеп барсак дайыма жок” деген нааразычылык айтылат. Мындан сырткары мэрдин кадр саясаты нөл деген баа берет элем. Алып келген чиновниктеринин 90%ы Акаевдин убагындагы кадрлар. Мисалы, Кокочоров (ред-Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын жетекчиси) союздан бери келаткан жетекчи. Жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов сыяктуулардын баары былкылдабай отурат. Мамбетов кадр тандап жатканда бир да жолу ачык конкурс кылган жок. Туризмди колго алдык дейт. Өзбекстандан эки пакет алып өтүп жаткандарды көрөсүң, ошол туризмби? Башка мэрлердин учурунда курулган имараттардын лентасын кыркып, ошол сыяктуу майда-чүйдө иштерди бүтүрүп атат. Бирок ошол эле учурда мактоого аларлык иши да бар. Таза суу боюнча долбоорун жакындан билип көрүп келдим. Ошондуктан бул долбоордун аягына чыгат деп ишенимдүү айтып жатышат. Тротуарларга келсек, оңдоп, жок жерлерге салып жатканы колдоого алаарлык иш. Бирок тротуар деп эле алды-артын карабай кете берген да болбойт. Кызыл сызыкты карабай эле куруп жатышат»

Калаа тургундарына «Оштун мэри кандай иштеп жатат?» деген суроо салдык. 

Мамбетов тууралуу эмнелер белгилүү?

46 жаштагы Алмаз Мамбетов Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарында төрөлгөн. Кесиби боюнча дипломат. Анын ысымы моралдык жүрүм-турумга байланыштуу көбүрөөк таанымал. 

Буга чейин журналисттер ал Ошко жаңыдан мэр болуп дайындалгандан кийин шаардык кеңештин депутаттарын, вице-мэрлерди жана мэриянын кызматкерлерин «Изюм» ресторанында сый-тамакка чогултканын жазып, видео жарыялашкан. Журналист Даткабек Шабданбековго муну ошол жердеги эки депутат тастыктаган. Ал жерде жылкы союлуп, дасторкон жайылганын, ресторандын алдында Мамбетовдун кызматтык унаасын учуратканы менен өзү байкалбаганын айткан. Мэриянын басма сөз кызматы муну четке каккан. 

Мэрликке киришкенден бир жарым ай өтпөй мэрдин дагы бир иши коомчулуктун сынына кабылган. Ал бир нече жетекчилердин коштоосунда калаадагы жолдордун абалын жүк ташуучу унаада кыдырганы популисттик кадам катары бааланган. «Кичинекей ишти пиар кызматы аркылуу тоодой кылып көрсөтүштү» деген пикирлер айтылган. 

Негизи Алмаз Мамбетов Ошко мэр болуп келгенге чейин эле терс жагдайлар менен белгилүү болгон. Тагыраагы 2019-жылы интернетте 01 578 ASD деген окшош номур тагылган беш түрдүү автоунаанын видеокөзөмөл камераларына түшүп калган сүрөттөрү тараган. Анда Мамбетовго түспөлдөш адам жанындагы аялдын «көкүрөгүн кармап» турганы «Коопсуз шаардын» камерасына түшүп калган. Ошондон кийин «маммолог» деген ат жармашкан. Ал өзү муну негизсиз деп эсептейт. 

2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп турганда Мамбетовдун телефон аркылуу мурдагы мэрди сөккөн аудиосу интернетке тарап кеткен. Мындан улам ал «Сөгүнчөөк мэр» атка конгон. 

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*