Франциянын көлдөрү кургап жатабы? Фактчек

«Т-Медианын» катталуучуларынын бири Франциядагы Ландес көлү кургап кеткендиги тууралуу сүрөт жиберген. Биздин редакция маалыматты текшерип көрдү.

Сүрөттү ачык булактардан издеп көрүп, Reatures басылмасынын өздүк архивинен таптык.  Автору Regis Duvigndu, сүрөт 2019-жылы 25 июлда тартылган.

Сүрөттүн баяндамасында аба-ырайынан улам Франциянын Люссе шаарында жайгашкан Ландес көлмөсү кургап кеткендиги жазылган. 2019-жылдын жай айларында Францияда аба-ырайы кескин ысык болуп, кургакчылык өкүм сүргөн. Бул энергия өндүрүүгө жана айыл чарбасына чоң таасирин тийгизген. Мындан сырткары өлкөдө сугат жана ичүүчү сууну колдонууда чектөөлөр киргизилген.

Ландес көлмөсү — 1684-жылы негизделген. 165 гектар көлмө азыр корук болуп саналат. Учурда көлмө төмөндөгүдөй кейипте жана кургаган эмес.

Гугл картадан алынган бул сүрөт 2022-жылдын май айында тартылган.

Жыйынтык: жалган.Сүрөт 2019-жылы тартылган. Фото Ландес көлү эмес, Люссе шаарында жайгашкан Ландес көлмөсү кургап калганда тартылган.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*