
Бүгүн транспорт, турак үй жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү.
Мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 1-сентябрда транспорт, турак үй жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү экенин эскертет.
Мындан улам, салыкты төлөй элек жарандарды бүгүн милдеттенмесин аткарууга чакырат.
Салыкты банктардын кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.
Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайтында.
Оставьте первый комментарий