
Бүгүн 1-сентябрда Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын сессиясынын ачылышы өтүп, ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Жыйында Жапаров депутаттардын жай мезгилиндеги эл менен жолугушуулары жакшы жыйынтык бергенин белгилеп, расмий иштин башталышы менен куттуктады. Ошондой эле, эл өкүлдөрүнүн кароосуна 121 мыйзам долбоору турганын билдирди.
«Биринчи сессияда аткаруу бийлиги тарабынан 124 мыйзам долбоору демилгеленген. Анын 71и Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылып, 67сине президент кол койду. Азыр карооңуздарга 121 мыйзам долбоору турат» — деди Жапаров.
Акылбек Жапаровдун маалыматында 15-16-сентябрда Кытай, Өзбекстан, Кыргызстандын жетекчилери Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу келишимине кол коюшу күтүлүп жатат.
«15-16-сентябрда Самаркандда ШОСтун кезектеги отурумунда Кытай Эл республикасынын жетекчиси, биздин президент жана Өзбекстандын президенти менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна кол коюунун астында турабыз. 180ге жакын адистер Кытайдан келип Кыргызстандын аймагындагы геофизикалык иш аракеттердин үстүндө биздин адистер менен иштеп жатышат»
21-июлда Чолпон-Атадагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жыйынында бул жолдун мааниси тууралуу сөз болуп, анын курулушу болжол менен 5 миллиард долларга бааланган.
Жогорку Кеңештин бул чакырылышында 90 депутат бар. Алардын 54ү партиялык, 36сы бирдиктүү округдардан былтыр 28-ноябрда шайланган.
Оставьте первый комментарий