Карта менен төлөсөңүз арзаныраак. Ошто автобус жана троллейбустарга ККМ коюлду

Ошто автобус жана троллейбустарга контролдук-кассалык аппараттар орнотулду. Жол акысын электрондук карталар менен төлөп, анын балансын MegaPay тиркемеси аркылуу толуктоого болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Электрондук төлөм үчүн транспорттук картанын үч түрү бар:

  • студенттер үчүн;
  • пенсионерлер үчүн;
  • башка жүргүнчүлөр үчүн.

Жол акысы накталай 10 сом, карта менен 8 сом болот.

Картаны кайдан сатып алса болот?

Транспорттук карталарды Юго-Восток жана ХБК кичи райондорундагы троллейбустардын акыркы аялдамаларындагы контролдук пункттардан жана автоунаа ишканасынан сатып алууга болот. Шаардагы жогорку окуу жайларда да электрондук транспорт карталарын сатуу пункттарын ачуу пландалып жатат.

Ошто 2019-жылы эле автобус, троллейбустарда жүргүнчүлөрдү тейлөөнү автоматташтыруу долбоору башталган. Ага жалпы 57 млн коротулуп, 90 валидатор алынып, 35 миң карта жасалган. Демилге боюнча, жарандар жол акыны электрондук карта менен төлөп калышы керек эле.

Бул долбоор үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 684 миң евро берген. Анын 30%ы гранттык негизде, 70%ы насыяга болчу. Бирок картаны сатып алуу жайлары жарандарга жеткиликтүү болбой, валидаторлор бирде иштесе, бирде иштебей турат. Мэрия бүгүнкү күнгө чейин толук ишке кирбеген долбоордун карызын төлөп келет. Ал эми, электрондук карталар үч гана жерде сатылып, анын балансын толуктоо да жеткиликтүү болбогондуктан шаардыктардын көпчүлүгү сатып алган эмес.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1440 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*