Мурдагыдай кагаздарды тапшырбайт. Билим берүү мекемелерин аккредитациялоо жаңы форматка өтөт

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-жылдын 5-сентябрынан тарта Лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасын (АСУЛА) пилоттук режимде ишке киргизет. Аны менен мурдагыдай министрликке келип кагаздарды тапшыруу талап кылынбайт. Баардыгы электрондук форматта гана болот.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, билим берүү уюмдары аккредитациядан өтүү үчүн арызды www.asula.edu.gov.kg аркылуу электрондук түрдө жөнөтө алышат.

«Аккредитациялоо секторунун башчысы Бактыгүл Акулова бул система билим берүү уюмдарын жана программаларын мамлекеттик орган тарабынан аккредитациялоо процесстерин санариптештирүүнүн алкагында иштелип чыкканын белгиледи», -дейт министрликтин маалымат кызматы.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*