
Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштерин караган кезектеги соттук отурум өттү. Айрым адвокаттардын жоктугунан, отурум 8-сентябрда улана турган болду.
Ал эми, Болот Темиров өзүнө карата кылмыш иши атайын уюштурулган жана түздөн түз журналисттик ишмердүүлүгүнө тиешелүү деп эсептейт.
«Мурунку жылы сентябрда байкап калдык. Ошол эле Болот Назаров такси чакырса бир эле такси келе берет. Андан кийин номерин текшерип чыкса ГКНБ деп чыгып жатат. Андан сырткары мен жашап жаткан үйүмдүн ичиндеги дубалдан кичинекей тешикчени көрүп карасам, жашыруун камера экен. Провод менен барсак роутер аркылуу интернеттен бирөөгө жеткирип жатыптыр. Бардыгы үйдө болуп жаткан окуя», — дейт Болот Темиров.
Быйыл жыл башында шаардык милиция Болот Темиров жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровго жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражатарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгоп, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.
Анын алдында журналисттин Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин аты аталган. Ал эми Ташиев коррупция тууралуу дооматтарды четке каккан.
Темировго паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңги зат боюнча төрт иш козголуп, алар баары бириктирилип каралууда.
Журналист мыйзам бузбаганын айтып, бул иштерди куугунтук деп мүнөздөп келет.
Оставьте первый комментарий