Диндердин өнүгүү тарыхы сабагы боюнча талаш. Министрлик теологдорго жооп берди

«Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча «жумушка албай жатат» деген пикир менен нааразы болуп чыккан тараптар министрлик жарыялаган документтерди кабыл алуу мөөнөтүнө жетишпей калган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар учурдагы сабакты өтө турган мугалимдер бекитилип, окутуудан өтүп жаткан учурда гана кайрылышкан. 

«Жогорудагы айыптоолор негизсиз. Билим берүү жана илим министрлиги нааразы болгон тараптар менен бош орун бар болгон учурда иштешүүгө даяр экенин билдирет жана теологдорго эч кандай бут тосууларды жасаган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик ушул жылдын 7-июнунда президенттин жалпы билим берүү уюмдарында «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметин киргизүү жөнүндө» № 177 Жарлыгы чыкканын эскерткен.

Анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин текшерүүсүнөн өткөн теологдорго жана тарых предметинин мугалимдерине аталган предметти окутууга уруксат берилери белгиленген.

Ага ылайык, теологдорду жана тарых предметинин мугалимдерин мектептерге кабыл алуу боюнча квалификациялык талаптар июнь айында министрликтин маалыматтык платформаларында жайгаштырылган. Аталган предметти окутуу үчүн жалпысынан 2448 теолог жана тарых сабагынын мугалимдери кайрылып, аларды экспертизадан өткөрүү үчүн жогорудагы органдарга маалыматтар жөнөтүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 2448 адамдын 18и текшерүүдөн өткөн эмес. Калган 2430 адам (анын ичинен 220 – теолог, 2210 – тарыхчы мугалим) 2022-жылдын 15-августунан 2-сентябрына чейин кайра даярдоо курстарынан өткөрүлгөн.

Кечээ Ошто бир нече теологдор маалымат жыйын куруп, министрлик сабактарды тарых мугалимдерине берип койгонун айтып чыгышкан.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*