Кадамжайдагы окуя боюнча президент кайрылуу жасады

Садыр Жапаров/ Сүрөт: Султан Досалиев

Кадамжай районундагы катталган окуя боюнча президент Садыр Жапаров билдирүү таратып, бул окуя жеке өзүнүн көзөмөлүндө боло турганын айтты.

«Кыргыз эли байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган, мындай мыкаачылыкка бармак түгүл, кыз балдардын бир тал чачына залал келтирбеген нарктуу эл. Биздин элдин аялзатына, кыз балага жасаган өзгөчө мамилесинен улам, Кыз Сайкал, Жаңыл мырзадай баатыр кыздарыбыз, Курманжан даткадай акылман энелерибиз чыккан. Жакында эле нарктуулукту сактоо жана жайылтуу тууралуу жарлык кабыл алганыбыз да бекеринен эмес. Бул коомубузду сырттан кирген жаман адаттардан сактоо үчүн улуттук иденттүүлүгүбүздү калыбына келтирүү максатында алдын ала көрүлгөн аракет болууда».

Ал мындай окуяларды болтурбоо үчүн, күч органдарына алдын алуу иштерин күчөтүү тапшырмасын бере турганын кошумчалаган.

«Кадамжайдагы мыкаачылыкты баарыбыз жектейли. Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү. Ар бирибиз коом алдында жоопкечилигибиз бар экенин эстен чыгарбайлы. Мен Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырам.Кадамжайда жасалган мыкаачылык — кечиримсиз иш. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот», — деп айткан өлкө башчы.

Эске салсак, кечээ Кадамжай районунда 8-класстын окуучусу мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү маалым болгон. Ага шектүү катары 3 жаран кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*