Кыймыл күчөгөндө башталды. Ошто борбордук жолду жапкан курулуш эмнеге кечеңдеген?

Ошто 24-августта борбордук Курманжа Датка көчөсүнүн бир тарабындагы 715 метр жер жабылган. Анда жолдун алдынан мэриянын ипотекалык үйлөрүнө жылуулук киргизүү үчүн куурлар орнотулуп жатат. Окуу жылы башталып, кымгуут кыймыл жүрүп жатканда жолдун тосулганына айрым шаар тургундары нааразы. 

Курулуштун жүрүп жатканына 10 күнгө чамалап калды. Жумушту сентябрдын аягына чейин бүтүрүү пландалган. Бирок шаардыктар эмнеге курулуш июнь-июль мезгилинде калаада кыймыл аз убакта башталган эмес деп суроо салышууда.

«Кызматкерлер эмгек өргүүсүнө кетип, эл ишке чыга электе эмнек кылып жүрүшкөн? Түшүнбөйсүң да. Эл ошол мезгилде бүтүрүп алышпайбы деп нааразы болуп жатабыз»

«Мен эле эмес башка айдоочулар деле нааразы. Өзү да борбордук көчө экен. Айланып өтүшкө туура келип жатат» 

Бул курулуштун айланасындагы жалгыз нааразычылык эмес. Куурду орнотууга жалпы 34 миллион сом каражат жумшалып, анын төлөмү мэриянын ипотекалык үйүн алган жарандарга жүктөлгөнү жатат. Башкача айтканда үйдүн чарчы метринин баасы өсөт.

«Ушул ишти аткарууга Ош шаарыны мэриясынын ипотекалык ишканасы айласыз болуп жатат. Бул линиядан жылуулук алган башка ишканаларды да чогултуп чогуу коюу демилгесин кылганбыз. Бирок, уюштуруу иштери узак убакытты алгандыктан аргасыз өзүбүз орнотуп жатабыз» — дейт Ош мэриясынын ипотекалык ишканасынын жетекчиси Кутманалы Абдрахманов.

Куурларды орнотуу Кытайдан алынуучу грантты күтүп кечеңдеген

Жергиликтүү бийлик курулуштун кыймыл аз убакта башталбаганын Кытайдан менен келишилген грантты күтүп калганы менен түшүндүрдү. Бул өлкөдөн 100 млн доллар каражат алынып Оштогу 55 көчө оңдолмок. Анын ичинде канализация, жылуулук, газдын куурларын оңдоп бермек болушкан. Бирок азырынча ал каражаттын келиши белгисиз болуп, кыш жакындап калгандыктан курулушту кечеңдетип баштоого туура келген.

Негизи жылуулук куурларын орнотуп оңдоп-түзөө жылуулук ишканасынын милдети. Бирок мекемеде каражат жок болгондуктан курулушту ипотекалык ишкана жүргүзүп жатат.

«Бул жумушту ЖЭБөзү жасашы керек эле. Программасына койдуруп белгилүү аймактарга бөлүп кылышы керек. Алардын акчабыз жок, кыла албай жатабыз деген шылтоосунан кийин өзүбүз баштадык. Айла жок биз элге эртең жылуулукту беришибиз керек. Бир бөлмөлүү үй 50 кв метр болсо баасы 100 миң сомго көбөйөт» — дейт вице-мэр Жасур Азимов.

Оштогу мэриянын ипотекалык үйлөрү 30%дык алгачкы төлөм төлөнүп, төрт пайыздык үстөк менен он жылга берилет. Курманжан Датка көчөсүндөгү жылуулук кууру тартылып жаткан үй 80 батирлүү болуп курулушу бүткөн. Азыр комиссия аны бөлүштүрүү үчүн кезекке турган жарандардын тизмесин карап жатат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*