Мектеп директорлугуна сынактын экинчи айлампасы өтөт. Кайсы облуста, канча бош орун бар?

Мектеп директорлорунун бош орундарына сынактын экинчи айлампасы 21-сентябрда Баткенде башталат. Учурда дээрлик 550 мектептин жетекчиси тандала элек. 

Быйыл президенттин жарлыгынан кийин бир мектепте беш жылдан көп убакыттан бери иштеген миңге чукул директор иштен алынган. Аларды кайрадан тандоо үчүн августта сынак өттү. Бирок көпчүлүк талапкерлер тесттен өтө албай, бош орундар толукталган жок.

Эми аймактарда экинчи жолу тестирлөө өткөнү жатат. Ага буга чейинки конкурста тесттен өтө албай калгандар, жумуштан алынган директорлор да катыша алат.

Сынактын графиги: Баткен облусу

  • Баткен облусунда мектеп директорлугуна 61 бош орун бар. Сынак Баткен мамлекеттик университетинде 21-сентябрда өтөт.

Жалал-Абад облусу

  • Жалал-Абадда тестирлөө 21-22-сентябрда ЖАМУнун башкы корпусунда өтөт. Облуста 132 ваканттык орун бар.

Ош облусу

  • Ош облусунда мектеп жетекчилигине 172 бош орун бар. Сынак 23-24-сентябрда ОшМУда өтөт.

Чүй облусу

  • Чүй облусунда 86 мектептин директору тандала элек. Тестирлөо И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 27-сентябрда өтөт.

Талас облусу

  • Таласта сынак Талас мамлекеттик университетинде 27-сентябрда болот. Облуста 46 ваканттык орун бар.

Ысык-Көл облусу

  • Ысык-Көлдө 41 мектеп директорунун орду бош. Сынак Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 30-сентябрда өтөт.

Нарын облусу

  • Нарында 15 ваканттык орун бар. Тестирлөө Нарын мамлекеттик университетинин башкы корпусунда 30-сентябрда өтөт.

Мектеп директорлугу үчүн сынакта беш багыт бонча 80 суроо берилет. Талапкерлерге тесттен өтүүгө бир жарым саат бөлүнгөн. Бул убакыт ичинде жалпы суроолордун 60% же андан көбүнө жооп берген талапкерлер тестти ийгиликтүү тапшырган болот. Бир бош орунга бир нече жаран тест тапшырса, алардын босого пайыздан өткөндөрүнүн ичинен эң жогору упай алганы гана директорлукка тандалат. Эгер эки таапкердин баллы бирдей болуп калса аларга кайрадан тестирлөө өтөт.

Буга чейин мектеп директорлугу үчүн өткөн сынактын биринчи айлампасында Ош шаарында 11, Бишкекте 42 билим берүү уюмуна жетекчи дайындалды. Жалал-Абадда 46, Баткенде 49, Ош облусунда 72 мектепке жетекчи тандалган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1345 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*