
Майрамдардагы ашыкча чыгымдар казынага бир топ чыгашаларды алып келет. Бөлүнгөн каражат да максаттуу пайдаланылбай орто жолдо кымырылган көрүнүштөр орун алууда. Бул жолу Ош шаардык мэриясындагы ич ара жасалган мыйзамсыз аракеттерди ачыктап бергенге аракет кылабыз.
Ошентип, Ош шаарында 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттын чуусу али күнгө чейин токтогон жок. Экинчи борбордо өткөрүлгөн быйылкы майрам эстен кеткис болду окшойт. 700 айымга көрсөтүлгөн сый-урматттын негизги багыты жакшы, бирок калаанын казынасынан бөлүнгөн каражаттын 203 миң сому жолдо жоголуп, өз учурунда иш ачыкка чыгып, калаанын капчыгына кайрадан кайтты. Анда каражат кандай жолдор менен кымырылганын ачыктап берели.
Иштин башы мындай башталган. Ош мэриясы шаардагы ушул жылы 700 айымды 8-март майрамы менен куттуктап, белек берүүнү туура көрүшөт. Майрамдык салтанатта айымдарды куттуктаганы жакшы. Бирок белекке берилчү сүлгүлөр сапаты жагынан мыкты, Түркияда өндүрүлгөн болоору айтылган. Баары максатталып, акча каражатын буйруктун негизинде шаардык бухгалтерия аркылуу мэриянын социалдык бөлүмүнүн бир кызматкеринин банктык эсебине которулган. Ал кызматкер социалдык бөлүмдүн башкы адиси Айгүл Калматова болчу.
«Акча менин эсебиме түштү. Бирок келишим түзүлгөн жок. Келишим түзүп, белектерди камсыздаган тарапты чакырып, сметалык баага аппарат жетекчиси кол коюп жатат. Бухгалтерия каражатты бөлүп атат. Ошол финансылык отчетторду териштириш керек эле да», -дейт Калматова.
Кызыктын баары ушул жерден башталат. Ош шаардык мэриясынын башкы бухгалтери Эрнис Суранов бул жерде ишенип берилген каражатты Калматова өзү гана иштетип, баардык буюм-тайымдары алышы керектигин, ортомчулар болчу болсо анда келишим түзүлүп, 740 миң сомдук товарды камсыздап берген адамга котормокпуз дейт.
«Социалдык фондго төлөбөгөнү гана мүчүлүштүк болбосо, калган баарын эле оригинал катары алып келишкен. Негизи башында эле шектүү болгон да. Биздин кызматкер жоопкерчиликтүү адам катары алган да. Андай болгондо товарды өзү барып алыш керек эле. Ал учурда келишим түзүлбөйт. Эгер, келишим түзгөндө акчаны тескерисинче биз которуп бермекпиз. Акчаны биз кызматкерибиз Айгүл Калматовага которуп бергенбиз. Социалдык төлөмдөрдү төлөбөгөн кагаздарды ошол аял көтөрүп келген да. Негизи келишимге башка адам жазылып, юридикалык тарап катары башка адамды көрсөтүп койгону туура эмес. Бизге «мына магазинден алдым» деген документ келген. Алган албаганын биз барып текшере албайбыз да. Кайсы магазин экенин мен ачыктай албайм. Эгер, билгиңер келсе (ред-журналистке) Калматовадан сурагыла».
Майрамдык салтанат өтүп, бухгалтерияга отчет тапшыраарда Кара- Суу базарынан алынган сүлгүлөр шаардагы Курмажан Датка көчөсүндөгү «Сити маркеттин» документтери менен отчет жабылмак болот. Бирок аны бухгалтерия кабыл алган эмес.
«Жасалма отчетторду кабыл алган катары менин да жоопкерчилигим бар. Ошону тапшырган адам да жооп берет. Негизи тиешелүү документтерди алып келишкенде биз көчүрмөлөрдү алабыз да. Анын туура же туура эместигин мамлекеттик органдардын сайттарынан текшеребиз. Документ бизге келгенде эле мүчүлүштүктөр бар эле да. Социалдык төлөмү төлөнбөгөн документтерди алып келишкен. Анын баары азыр прокуратурада жатат», -дейт башкы бухгалтер Эрнис Ормонов.
«Товарды жеткирген адам менен Айдар Бакыевдин (ред-Ош мэринин кеңешчиси) тааныштыгы бар экен. Менин да тааныштыгым бар. Ага «биздин документтерибиз такыр өтпөй атат. Сен деле сүлгүлөрдү дүңүнөн сатат экенсиң» десем, ал «мэрияга дайыма эле жардам берип жүргөм. Жардам берем» деп биз көмөктөштү. Бирок кийин да бизге убакыт берилди. Ошондо товарды жеткирген Самара Садыкова тиешелүү документтерди алып келип берген. Бирок ушул күнгшө чейин кабыл албай койду. Айдар Бакыев менен менин үй-бүлөлүк катыштыгым бар экени чындык. Ош — кичинекей шаар. Керек болсо сени да (ред-журналистти) тааныйм. Кээде жардам керек болуп калганда аябайбыз. Мамлекеттик кызматкер катары ошол ишке Айдар Бакыевдин документин колдонгонум туура эмес», -деди мэриянын социалдык бөлүмүнүн мурунку башкы адиси Айгүл Калматова.
Жасалма документти жапканга кимдер көмөктөшкөн?
Эми шаардын казынасынан корогон каражатты жасалма документтер менен жапканга көмөктөшкөндөр жөнүндө сөз кылалы. 27-июлда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов өзүнө жаңы кенешчи дайындайт. Ал Айдар Бакыев болчу. Бул ишке ал кантип аралашып жатат деп жатсаңыз керек. Калаа башчынын кеңешчиси Бакыев менен Калматова үй-бүлөлү карым-канашта болушкан. Башкача айтканда Айдар Бакыев аяшы болгон. Муну экөө тен четке каккан жок. Бирок Бакыев «чоң суммадагы каражат экенин билбептирмин» дейт.
«Менин колуман дагы күнүгө көптөгөн документтер өтөт. Ошол жерден байкалбай өтүп кетиши мүмкүн. Бирок биздин документ жараксыз деп табылды. Товар алган адамдар кеткен каражаттын айырмасын төлөп, ал иш бүткөн. Эми бул турмушта ар кандай болот. Аларга мен ар дайым жардам бергенге аракет кылам. Айгүл Калматова менин аяшым», дейт Бакыев.
Мэр менен вице-мэр эмне дейт?
Ушул жерден «калаа башчысынын кеңешчиси шаардагы коротулган каражаттарга качантан бери өзүнүн мөөрү басылган документтерин берип келди? Жасалма документтер үчүн жоопкерчилик бар экенин билген эмеспи? Мындай чулуу ишке аралашкан инсанды кенешчиликке алып жатканда Алмаз Мамбетов тарых таржымалына кызыккан эмеспи?» деген суроолордун башы бош калууда.
«Айдар Бакыевдин жасалма документ жасап бергени боюнча мен эч нерсе билбейм. Мага айткыдай сиз прокурорсузбу? Анын документтерин эч ким кабыл алган жок. Товарды жеткирген адам сүлгүлөрдун ортосундагы каражаттын айырмасын төлөп берип жатат», -деп жооп берди Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов.
Бул тармакты көзөмөлдөгөн вице-мэр Венера Рыскулова болуп өткөн ишке эч кандай тиешси жоктугун айтып, «каржылык маселелерди тейлеген жетекчилер бар. Акча маселесинде алар жооп берет» деген гана жоопту узатууда. Бирок көзөмөлдөө жагы Рыскулованын жоопкерчилигинде болгон.
«Мен финансыга жооп бербейм. Эгерде ошол иш-чара үзгүлтүккө учураса же кандайдыр бир коноктор келбей калса, кыскасы уюштуруу ишинде кандайдыр бир кемчилик болсо, мен ошого жооп берем. Акча маселесин аппарат жетекчиси карайт. Ошолордон интервью алсаңар болот».
«Ош мэриясынын үстүнөн даттанам»
Майрамдык иш чарага белектерди камсыздап берген жеке ишкер Самара Садыкова менен телефон аркылуу байланыштык. Ал жүз арчылар Түркияда өндүрүлгөн сапаттуу товарлар болгонун, шаардык бийликтин иш-аракетинин арты менен жеке өзүнүн жашоосуна чоң залакасы тийгенин айтып даттана турганын белгиледи.
«Мага каражатты 8-мартка бир жарым күн калганда которушту. Ага чейин эч кандай акча берген жок. Алар айткан товарды алып барып берип тапшырдым. Документими мэрияга бир канча жолу алып барып, дүмүрчөктөрдү, патенттерими көрсөттүм. Бирок кабыл алган жок. Сүлгүлөрдү алган ар бир жеримен тиешелүү документтерди бергем. Мэрия прокуратурага «чачыктар Өзбекстандан алыныптыр, жасалма» дептир. Жасалма экенин билсе, мага далилдеп бериш керек эле да. Менин документими кабыл албай башымы оорутушканда «Сүлгүлөрдүн баарын топтоп койгула. Мен жол киреге кетирген акчаны алып калып, калганын кайтарып берем» дегем».
Прокуратура текшерип, кылмыш ишин ачкан эмес
Бул ишти шаардык прокуратура да териштирип, бирок кылмыш ишин ачкан эмес. Анын себебин аталган орган «сунуш бердик, каражат ордуна толукталды» деп түшүндүрүүдө.
«Кылмыш иши козголгон эмес. Текшерүүнун негизинде гана сунуш берилип, анын негизинде акча өндүрүлгөн», -дейт Ош шаарынын прокурорунун орун басары Абдирашит Кубатидинов.
Бирок ушу жерде бир суроо пайда болот. Шаардык кеңештин депутаты Хулкар Исамова жазган арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каталбай калганы, текшерүү жүрүп, баары ачыкталып, бирок кылмыш иши ачылбаганы түшүнүксүз жагдай болуп калууда. Юрист Алтынбек Токтосунов жагдайды мындай түшүндүрдү:
«Жанакы «Бюжеттик каражатты максатсыз пайдалануу» деген берене бар. Прокуратура ошонун негизинде иш козгош керек эле. Бул жерде ачык эле тоноочулук бар экен да. Товарды Кара-Суудан алып, бирок башка дүкөндөн алды кылып, жолдорун тазалап атат. Бул жерде кылмыш бар, козгош керек. Ишти козгобой тергөө кылса болот. Бирок беттештирүү деген тергөө амалдары бар да. Арыз жаган адам материалды кошуп тиркеп берип жатат», -деди Токтосунов.
Кимге кандай чара көрүлдү?
Ош шаардык прокуратурасы вице-мэр Венера Рыскуловага жана башкы адис Айгүл Калматовага «катуу тартиптик чара көрүлсүн» деп сунуш кылган. Биринчиден, прокуратуранын сунушун кагаз жүзүндө гана эске алдык деп жазганы менен, иш жүзүндө шаар бийлиги толук аткарган эмес. Жыйынтыгында Калматовага жана ошол учурдагы социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Масуда Айдарбековага тартиптик чара көрүлгөн. Аймакчы, 8-март майрамы пландалып жаткан учурда Айдарбекова ден соолугуна байланыштуу ооруканада жаткан. Аны тастыктаган бир канча фактылар да бар.
«28-февралдан 7-мартка чейин жооп сурап, операция болуп ооруканада жаткам. Жетиси ишке чыккам. Эмгекке жарамсыздыгым боюнча баракчам бар. Операция болгонум анык. Иш-чараны уюштурууга катыштыгым жок», -дейт Айдарбекова.
Шаар мэри Алмаз Мамбетовдун бул иштердин чоо-жайы, жыйынтыгы жөнүндө пикирине кызыктык. Калаа башчысы пикирин билдирүүдөн бир канча жолу баш тарты. Бирок ыңгайы келген жерден акыры сөзүн уктук.
«Ал жерде болуп жаткан иштин баарын сиз билесизби? Албетте, мен билем. Аларга (ред-Максуда Айдарбекова, Айгүл Калматовага) дисциплинардык чараны мен көргөм. Сурооңор болсо прокуратурага кайрылгыла. Мен билгеними айтып бердим».
Каражат ордуна толукталды деген менен юрикалык жоопкерчилик эч кимге каралган жок. Бул үчүн Ош шаардык прокуратурасы түздөн-түз бул ишке жооптуу. Арыз жазылып, шаардык прокуратурага келип түшкөндөн кийин 14 күн ичинде каралып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган эмес. Андан сырткары Кылмыш жаза кодексинин 210-беренеси ушул эле кодекстин 379-беренеси менен кылмыш иши ачылыш керек эле. Эгер, чындап кылмыштын курамы жок болсо, анда Кылмыш жаза процессуладык кодексинин 27-беренесине таянып иш кыскармак. Бул иште жасалма документ, ишти жаап жашыруу, ишенип берилген мүлккө кыянаттык кылуу сыяктуу бир топ фактылар үчүн эч ким, эч кандай жаза алган жок. Демек, шаардык прокуратура кантип ушул жагдайларга көз жумду деген күмөн ой пайда болот.
Иликтөөнүн видеоверсиясын төмөндө көрсөңүз болот.
Оставьте первый комментарий