Жүйөлүү себептен улам мектеп формасын кийбеген окуучуга жаза колдонууга тыюу салынат

Сабакка жүйөлүү себептерден улам мектеп формасын кийип бара албаган окуучуга жаза колдонууга тыюу салынат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Эгер окуучунун мектеп формасын кийип барууга мүмкүнчүлүгү жок болсо мугалимдер, класс жетекчилер аны билим алуу укугунан ажыратпашы керек. Жүйөлүү себеп болбогон учурда бардык окуучулар мектеп формасын бирдиктүү талаптарга ылайык кийүүгө милдеттүү.

Министрликтин 2015-жылдагы токтомуна ылайык окуучулардын мектеп формасынын көрүнүшү, өңү, фасону классикалык стилде болот. Форма аба ырайына жана сабак өтүлүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температурага ылайык болушу керек. Мектепте спорттук кийимди жана бут кийимди, жинсы, пляждагы, үйдөгү кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт.

Мектеп формаларынын түсү

Эркек балдар үчүн мектеп формасы бирдей түстүк гаммада болуп, 3төн ашпаган түстөр айкалышышы керек.

  • Эркек балдардын мектеп формасынын түсү: пиджак, жилет жана шым бир түстүү кездемеден кара, боз, көк жана кочкул кызыл классикалык стилде болот.
  • Көйнөк жеңи узун же кыска болуп ак, агыш боз, ачык-көгүш, ачык-саргыч түстө болушу керек.

Кыздар мектепке ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак кийсе болот.

  • Пиджак, көйнөк жана шым кара, боз, көк жана кара-кызыл түстө тигилет.
  • Блузка ак, агыш-боз, ачык-көгүш, ачык-саргыч болот.
Автор Наргиза Анарбай кызы 1489 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*